Көрүлдү: 0
Өлкө боюнча түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү 560 бакчанын базасында мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүгө багытталган долбоордун таасирин аныктоочу кеңири масштабдагы баалоо иштери жыйынтыкталды. Изилдөө Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо (БЭӨБ) улуттук куралынын жардамында жүргүзүлүп, 3–5 жаштагы балдардын 5 негизги өнүгүү багытын камтыган. Анын жыйынтыгы Бишкек жана Ош шаарларында тааныштырылды.
Изилдөө 2 этапта жүргүзүлүп, ар биринде 13–15 баладан турган 70 топ (эксперименталдык жана контролдук топтору) эркин тандоо жолу менен аныкталды. Биринчи этапта жалпы 1674 бала, экинчи этапта ошол эле балдардын ичинен 1443 бала катышты.
Эки этаптын жыйынтыгы балдардын физикалык өнүгүүсү эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөнүн аныктады, бул алардын кыймыл-аракет көндүмдөрү жакшы калыптанганын айгинелейт. Балдардын социалдык-эмоционалдык өнүгүүсү туруктуу орточо деңгээлде. Эң төмөн көрсөткүчтөр «Сабаттуулук жана баарлашуу» менен «Чыгармачыл өнүгүү» багыттарында байкалды, бул эки багытта тең балдар кошумча колдоого муктаж экендиги көрүнүп турат.
Эки этаптын жыйынтыгын салыштырганда, балдардын физикалык өнүгүүсүндө, айрыкча майда моторикасында (+0,98) олуттуу өсүү байкалган. Бул балким, манжалардын координациясын жана кыймылдуулугун өнүктүрүүчү оюндар жана көнүгүүлөр менен байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле, когнитивдик чөйрөдө, айрыкча математика жана эксперимент жүргүзүү багыттарында олуттуу прогресс байкалган. Бул жетишкендиктер окутууда изилдөө жана оюнга негизделген STEM ыкмаларын колдонуу менен шартталышы мүмкүн.
Сүйлөө жөндөмдөрүнүн бардык багыттарында оң динамика байкалат, өзгөчө сүйлөө жана сөздү туура айтууда. Бул мугалимдердин окуу, талкуу жана диалог аркылуу сөз байлыгын кеңейтүү жана ырааттуу кептин үстүндө системалуу түрдө иш алып баргандыгын көрсөтөт.
Эң чоң өсүш чыгармачылык жана эстетикалык кабыл алуу жаатында байкалган. Балдар өз оюн сүрөт, музыка, бий жана ролдук оюндар аркылуу эркин билдире башташты. Бул алардын эмоциясын жана креативдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү.
Жыйынтык: Эрте курактагы балдардын өнүгүшүн көзөмөлдөө боюнча улуттук системаны түзүү Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын камсыздоого жардам берет. Бул система балдардын негизги өнүгүү багыттарындагы жетишкендиктерин көзөмөлдөөгө, педагогдордун муктаждыктарын аныктоого, ата-энелерди колдоого жана далилдүү маалыматтардын негизинде билим берүү саясатын жана инвестицияларды калыптандырууга жардам берет.
Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо (БЭӨБ) улуттук инструментин колдонуу аркылуу изилдөөнү кеңейтүү иш чаралары мындан ары жолго коюлат. Белгилей кетсек, бул инструмент Агартуу министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында "Балалык" программасынын талаптарына ылайык иштелип чыкты.






