Көрүлдү: 0
«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 51и 2025-жылдын сентябрь айына чейин пайдаланууга берилет.
Пландалган 560 бакчанын 509унда оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлүп, иштеп жатат. Учурда калган 51 объектте реконструкция иштери жүрүп, жумуштар дээрлик 90% бүткөрүлдү. Мындан сырткары бакча үчүн керектүү болгон эмерек, килем, өнүктүрүүчү куралдар, оюнчуктар, китептер, колдонмолор жана балдар аянтчалары ар бир объектке жеткирилип, көпчүлүгү орнотулган.
Агартуу министрлиги ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүп жатат. Алар аркылуу 20 миңден 40 миңге чейинки (3-5 жаштагы) бала мектепке чейинки билим алууга тартылат. Бул бакчаларда билим алуу акысыз.
Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.












