Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Критерийге багытталган баалоо боюнча практикалык семинар болуп өттү

Көрүлдү: 0

Ысык-Көлдө башталгыч класстын окуучуларын критерийге багытталган баалоо методологиясын киргизүүнүн негизги этабын жыйынтыктаган мугалимдер жана усулчулар үчүн практикалык семинар болуп өттү. Иш-чара «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында уюштурулуп, мектептик билим берүү системасында компетенттүүлүккө негизделген ыкмага өтүүдөгү маанилүү кадам болду.

post.title

 

Семинар Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 2025-жылдын 22-январындагы № 84/1 буйругун аткаруу максатында уюштурулуп, 2024-2025-окуу жылынын III-IV чейрегинде өлкөнүн максаттуу мектептеринде критерийге багытталган баалоо инструменттерин ишке ашыруунун жыйынтыктарын камтыды.

Иш чарынын негизги максаты — критерийге багытталган баалоону киргизүүнүн негизги этабынын жыйынтыгын чыгаруу, жетишкендиктер менен кыйынчылыктарды талкуулоо жана методикалык жыйнакка киргизиле турган тапшырмалар менен дескрипторлорду тактап чыгуу болду.

Семинардын негизги милдеттери төмөнкүлөрдү камтыды:

  • Пилоттук сыноонун практикалык жыйынтыктарын сунуштоо жана талдоо;
  • Материалдарды улуттук критерийдик баалоо стандарттарына ылайык даярдоо;
  • Тапшырмалар жыйнагынын мазмунун жыйынтыктоо.

Иш чарага Бишкек жана Ош шаарларынан келген мастер-машыктыруучулар, ошондой эле Ысык-Көл облусунун усулчулары катышты. Бардык катышуучулар алдын ала окуудан өтүп, жаңы баалоо системасын практикалык сыноого катышкан.

Критерийге багытталган баалоо - бул үч функцияны бириктирген окутуунун когнитивдик теорияларына негизделген заманбап ыкма: окууну баалоо, окуу үчүн баалоо жана окуу катары баалоо. Бул ыкма билимди текшерүүдөн сырткары, окуучунун ой жүгүртүүсүн, жөндөмдөрүн жана метапредметтик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасайт.

Бул методика Кыргызстандын билим берүү саясатынын негизги артыкчылыктарына — компетенттүүлүккө негизделген ыкмага өтүү, билим берүүнүн сапатын жана адилеттүүлүгүн жогорулатуу багытына шайкеш келет. Окутуу процессинде окуучулардын жеке даярдык деңгээли эске алынып, баалоо жөн гана көзөмөлгө эмес, өнүктүрүүгө багытталган окутуунун ажырагыс бөлүгүнө айланат.

Жүргүзүлгөн иш чараларды кеңейтүү максатында, методиканы сапаттуу жана туруктуу түрдө ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн бир катар билим берүү жолугушуулары жана көзөмөлдөөчү практикалар өткөрүлүшү пландалууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар