Көрүлдү: 0
Чокморов айылынын чок ортосунда күн сайын балдардын күлкүсү жаңырат. Бакча короосунан башат алган ушул күлкүнү, ушул ызы-чууну элеттиктер далай эңсеген. Себеби мында буга чейин бала бакча таптакыр болгон эмес. Балдардын жашоосуна жаркын боек кошуп, чоңдордун жүрөгүндө үмүт отун жандырган өзгөчө мекеме тууралуу айтып беребиз.
Кыялдын башаты: «Балким аракет кылып көрсөкчү?»
Эзели бала бакча болбогон соң шарты бар ата-энелер балдарын коңшу айылдардагы бакчаларга ташыса, көпчүлүк жеткинчектер үйдө отурчу. Мындан улам адатта энелер жумушка чыга албай, үй-бүлөлөр киреше булагынан кол жууп калган.
Бала бакча ачууну элеттиктер өздөрү демилгелеген. Алар Агартуу министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунуна өтүнмө берүүнү чечишет. Долбоор айылдарда кыска мөөнөттү бала бакчаларды ачууга көмөктөшүп жаткан эле, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек дешти чокморовдуктар.




«Бул имарат мурда эски мектеп болгон, бирок көп жылдан бери бош туруп калган.Биз айыл өкмөттүн башчысы менен кеңешип, имаратты «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбооруна сунуштайлы деп чечтик. Себеби бул айылда бала бакча такыр болгон эмес.Тынчсыздануу менен ишти баштадык, баарыбызда эле «бул өзү боло турган ишпи?» деген күмөн ойлор бар эле. Бирок жүрөк «аракет кылып көр» деп турду. Ошол кезде электрондук кезекке болгону 48 бала катталган болчу», - деп эскерет Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсеналиев.
Кыска мөөнөттүү бала бакча форматы менен мурда тааныш болбогон жергиликтүү эл да, бийлик да идеяны шектенүү менен кабыл алышты. Ата-энелер «үч саат балдарыбызга эмне бере алат» деген бүдөмүк ойго жетеленди. Көпчүлүгү муну убактылуу эксперимент катары кабылдап, келечексиз демилге деп сыпатташты.
«Башында бул демилгеге баары эле күмөн саноо менен карашты – эл дагы, биз дагы. Бүтпөй калсачы? Кантип эле күнүнө 3 саат бакча болсун? Кыска мөөнөттүү бала бакча деген эмне? – деп көбү ишене албай турушту», - дейт «Эрке-Эркетай» бала бакчасынын директору Назгүл Асанкулова.
Ал ортодо эски имаратта оңдоо иштери башталды. Терезелер алмаштырылды, дубалдар боёлду, жылытуу системасы орнотулду, санитардык-гигиеналык шарттар түзүлдү, эмеректер, килемдер берилип, балдар аянтчасы курулду. Жаркыраган пардалар, китеп менен оюнчукка толгон текчелер пайда болду.



«Эң кызыгы, оңдоо иштери башталганда айыл тургундары куруучуларга суусундуктарды, тамак-аштарды алып келе башташты. Анан бара-бара жаштар да кошулуп, бир нерсе калыптанып жатканын көрүп, сүйүнүп, колунан келген жардамын көрсөтүштү. Айтор, бүтүндөй айыл болуп курулушка аралаштык. Бул бала бакчанын түзүлүшү айыл тургундарынын башын бириктирди десек болот», - дейт Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсеналиев.
Жаңы жолдун башаты: кезекке турган 48 бала
Агартуу министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте демилгелүү топтордун жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен эски имаратка жаңы дем берип, аны мектепке чейинки балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жайга айланта алды.
«Оңдоо иштери өз убагында болду. Бат-бат эле жүрдү. Бир карасаң бузуп атышкан болот, бир карасаң эле шыбап атышкан болот. Ремонт биз күткөндөй жакшы болду. Азыр бакчабызга кирген адамдар таң калып, ыракматын айтышат. Башында ишенбей жатканын жашырышпайт», - дейт «Эрке-Эркетай» бала бакчасынын директору Назгүл Асанкулова.
Бакча алгач 48 балага эшигин ачты. Алардын көпчүлүгү үчүн бул социалдашууга ташталган биринчи кадам эле. Бейтааныш чөйрө, жаңы эрежелер жеткинчектерди бир аз сүрдөтүп жатты. Бирок адаптация жеңил өттү – балдар оюнчуктарды айланчыктап, тарбиячылардын айтканын кызыгуу менен угуп, пластилинден түрдүү нерселерди жасап, сүрөт тарта башташты. Үч саат ушинтип мазмундуу да, пайдалуу да өтүп жатты.
Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев бала бакчанын ачылган алгачкы күндөрүн мындайча эскерет:
«Ремонт бүткөндөн кийин биз үч сааттык тартипте иштей баштадык. Эсиңердеби, башында электрондук кезекте болгону 48 эле бала бар болчу? Ал эми бакча ачылган күнгө келип алардын саны 160ка жетиптир. Бул өзүнчө бир парадокс болду. «Эмне үчүн мурда кезекке турбай койгонсуз?» деген сурообузга көпчүлүк ата-энелер: «Бакчанын иштешине чынында ишенген эмеспиз» — деп жооп беришти. Чокморов айылы Бишкек менен чектеш, ошондуктан мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер балдарын шаардагы бакчаларга алып барып турушкан. Натыйжада мүмкүнчүлүгү барлар бир жолун таап, калгандар бакчага барбай калышкан. Бирок бүгүн биз бардык балдарды бирдей камтыдык. Биз түшүнгөн эң башкысы нерсе: башташ үчүн ишеним гана керек экен».


Балдарга канат берген өзгөрүүлөр
Басира Жусупованын эки небереси ушул бакчага барат. Айтымында алгачкы жумалардан эле балдардагы өзгөрүүлөр байкалган: алар ачык-айрым болуп, сабактар жөнүндө кызыгуу менен айтып берип, жаңы үйрөнгөн сөздөрү, ырлары менен бөлүшүп калышкан. Мындай өзгөрүүлөрдү башка ата-энелер да байкашкан — балдардын сүйлөөсү, көңүл буруусу жакшырып, тартипке көнүү жана башкалар менен мамиле кылуу сыяктуу сапаттары калыптанган. Күнүнө болгону үч саат болсо да, алар үйдө жетишпей келген эң негизги нерселерди өздөштүрүүдө: балдар менен ойноо, жандуу баарлашуу жана мектепке даярдоочу сабактар.
«Бакчага бара баштагандан кийин неберебизде өзгөрүүлөр көп болду. Үйдө өз алдынча сүрөт тартып, кийимдерин алмаштыргандан кийин иреттеп калды. Эркелиги токтоду, өз алдынча болуп калды. Үйдө конструктор оюнчугу бар. Мурда жасачу эмес, бакчага киргенден кийин ошол оюнчугун тынбай чогултуп калат. Дос күттүк. Бакчада Алихан, Баяман деген досторум бар деп мактанып калат. Китептеги сүрөттөрдү көрсөтүп, окуяны айтып берет. Айтор жакшы өзгөрүүлөр көп», - дейт Басира Жусупова.

«Кыска мөөнөттүү бала бакчалар— бүгүнкү күндө абдан актуалдуу, реалдуу жана эң негизгиси зарыл нерсе. Бала колуна калем кармаганды үйрөнсө, бул чоң жетишкендик. Анткени ал жаза баштаганга чейин маанилүү этаптан өтөт: ал 3-4 жашта, өзү курактуу балдар менен чогуу социалдашып, адаптациядан өтүп жатат. Ал калем кармайт, таякчаларды тизет — бул майда моторика, бул ой жүгүртүүнүн өнүгүшү. Дал ушул нерсени биз чыныгы баланын өнүгүүсү деп атайбыз», - деп белгилейт Марат Үсөналиев.

Чокморовдогу бакча тууралуу кабар коңшу айылдарга тез эле айтылып, алар да ресурстарды издеп, кыска мөөнөттүу бала бакча ачуу боюнча пландарын түзө башташты.
«Заречный айылынан, Малиновкадан да келип кетишкен. Баарын өз көздөрү менен көрүшүп, ушундай бала бакчаларды ачалы деген сунушу менен бизге кайрылуу жөнөтүштү. Азыркы учурда Малиновкада оңдоо иштери жүрүп жатат. Октябрь айылында болсо эски ресторанды бала бакчага айлантып жатышат», — дейт Арашан айыл өкмөтүнүн өкүлү Эрмек Исманкулов.
Эрмек Исманкуловдун айтымында, «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоору убадалаган жумуштарын баарын аткарды. Жергиликтүү бийлик имараттын чатырын оңдоп, көмүр, жылуулук менен камсыздады. Бул бала бакча чынында ийгиликтүү болду - айылда мындай форматтагы жалгыз мекеме болуп, жергиликтүү тургундар үчүн өтө зарыл экенин далилдеди. Эрмек Исманкулов мындай долбоорлор көп болушу керек деген ишенимде.



Бүгүн бул бала бакча — жөн гана билим-тарбия уясы эмес, ал өзгөрүүнүн башаты болуп калды. Мында балдардын күлкүсү гана эмес, үмүтү да жаңырып турат. Кыска мөөнөттүү формат өзүн актады — ал үй менен мектептин ортосундагы чыныгы көпүрө болуп берди. Бир караганда майда көрүнгөн бул өзгөрүүлөр билим берүүдө чоң, системалуу өзгөрүүлөрдүн пайдубалы болуп жатат.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чокморов айылындагы «Эрке-Эркетай» бала бакчасы – Агартуу министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында түзүлүүчү кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын бири. 2025-жылдын башына карата өлкөдө пландаштырылган 560 кыска мөөнөттүү бала бакчанын 495и иштеп, 28 миңден ашык бала тарбияланууда.
Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.
Бүгүнкү күндө «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлору ар бир ачылган бала бакча менен, колуна биринчи жолу карандаш кармаганар бир бала менен, үмүт оту жанган ар бир үй-бүлө менен өлкөнү акырындап өзгөртүп жатат. Бир караганда майда көрүнгөн бул өзгөрүүлөр — билим берүүдө чоң, системалуу өзгөрүүлөрдүн пайдубалы болуп жатат. Дал ушундай — жер-жерлерде жасалган чыныгы кадамдар аркылуу мектепке чейинки сапаттуу билимге жетүү кадимки көрүнүшкө айланган келечек курулууда.





