Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Баланын эрте өнүгүүсү боюнча изилдөөнүн биринчи этабынын жыйынтыгы чыгарылды

Көрүлдү: 0

Бишкек жана Ош шаарында балдардын эрте өнүгүүсү боюнча изилдөөнүн биринчи этабынын жыйынтыгы чыгарылды. Экинчи этаптагы негизги изилдөө кыска мөөнөттүү бала бакчаларда өтөт. Ага даярдык көрүү үчүн изилдөө өткөрүүгө өлкө боюнча тандалып алынган 140 бала бакча тарбиячыларына тренинг уюштурулду.

post.title

 

Тренингдин негизги максаты:

  • биринчи раунддун жыйынтыктарын чыгаруу;
  • кыйынчылыктарды жана ийгиликтүү учурларды талкуулоо;
  • балдардын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча негизги раундга тарбиячыларды методикалык даярдоо.

Изилдөөгө 4-5 жаштагы, кыска мөөнөттүү балдар бакчасына барган жана ошол эле жаш курактагы, бала бакчага барбаган балдар катышты. Жалпысынан изилдөөгө 1500дөн ашык бала катышты.

Балдардын өнүгүү деңгээлин баалоо 5 негизги багыт боюнча жүргүзүлдү:

  • физикалык өнүгүү;
  • таанып-билүү жана когнитивдик өнүгүү;
  • сабаттуулук (тил) жана коммуникация;
  • социалдык жана эмоционалдык көндүмдөр;
  • чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү.

Мындай изилдөө биринчи жолу өткөрүлүүдө жана балдардын эрте өнүгүүсүнүн сапатын баалоого багытталган. Анткени мектепке чейинки курак — бул баланын жашоосундагы негизги этаптардын бири болуп, интеллектуалдык, социалдык, эмоционалдык, когнитивдик жана физикалык өнүгүүнүн пайдубалы түптөлөт. Ошондуктан балдардын ушул куракта өнүгүүсүн баалоо, алардын келечектеги жетишкендиктерин алдын ала болжолдоо үчүн чоң мааниге ээ.

Экинчи негизги раунд 2025-жылдын апрель-май айларында өткөрүлөт. Ал изилдөө инструменттерин натыйжалуу адаптациялоого, методологияны терең үйрөнүүгө жана тарбиячылардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталат.

Эскерте кетсек, Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо инструменти Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар