Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кыска мөөнөттүү 515 бала бакчада 29 миңге жакын бала тарбияланууда

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги түзүүнү пландаган кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 515и иштеп жатат. Бул бакчаларда учурда 28602 бала тарбияланууда.

post.title

 

27-мартта Билим берүү жана илим министрлигинде Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жактан “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун Байкоо комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Анда долбоорлор кантип ишке ашырылып жатканы, жетишилген жыйынтыктар жана негизги көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берилди.

Жыйында 2025-жылдын башына келип, долбоорлордун алкагында 64 миңден ашуун педагог окутуудан өткөрүлгөнү, 1200 мектеп жана 8 педагогикалык коллежге 25 миңден ашуун компьютердик жана оргтехника берилгени айтылды.

Долбоордун адистери пландалган кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 508и иштеп жатканы (дагы 7өө ачылуу алдында турат), мында 29 миндей бала тарбияланганы, Санарип Кампа - STEM предметтери боюнча санариптик билим берүү платформасы тесттик режимде иштеп жатканы жана министрликтин тутумундагы уюмдарга берилген техникалык жардам тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле окуу процессинин жыйынтыктарын баалоо системасын жакшыртуунун алкагында критериалдык баалоо инструменти жана методологиясы иштелип чыгып, ал сыналып жатат. PISAга багытталган тесттер түзүлүп, PISAнын пилоттук тестирлөөсү өткөрүлдү жана окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрү пилоттук негизде бааланды. “Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” каражаты иштелип, окуу процесси бааланды жана "Баланын эрте өнүгүүсүнүн" базалык изилдөөсү өттү.

Мындан сырткары, Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 2024-жылы башталган “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновация” долбоору тууралуу да маалымат берилди.

Жалпысынан байкоо комитетинин мүчөлөрү долбоордун аткарылуусуна жакшы баа берип, айрым сунуштарын айтышты.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар