Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Бишкекте мектептерде насаатчылыкты өнүктүрүү боюнча жыйынтыктоочу семинар-практикум өттү

Көрүлдү: 0

Бишкекте "Менин насаатчым" программасынын алкагында «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» куралын колдонуу менен жыйынтыктоочу мектеп аралык жыйынтыктоочу семинар-практикум болуп өттү. Иш-чарага Бишкектеги 20 пилоттук мектептен 60ка жакын мугалимдер, окуу бөлүмүнүн башчылары жана мектептердин усулдук бирикмелеринин жетекчилери катышты.

post.title

 

Практикумдун  жүрүшүндө мугалимдер өз мектептеринде насаатчылыкты ишке ашыруу жана өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, аны мугалимдерди колдоонун жана кесипкөйлүгүн жогорулатуунун эффективдүү каражаты катары өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдарын талкуулашты.

Катышуучулар үчүн 4 өлчөө багыты боюнча өлчөө каражаттарын жана көрсөткүчтөрдү аныктоо менен сабактарды көрүүнү камтыган теориялык жана практикалык көнүгүүлөр ​​өткөрүлдү:

  • билим берүү чөйрөсү
  • сабакты уюштуруу
  • окутуу процесси
  • баалоо.

Сабактарды көрүү жана көрсөткүчтөрдү аныктоо иш чараларынан кийин педагогдор алынган маалыматтарды талдап, пикир алышты.

Эске салсак, буга чейин ушундай практикум Сокулук районунун 60 пилоттук мектеби үчүн уюштурулган.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар