Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Сокулук районунда мугалимдер үчүн насаатчылык боюнча семинар өттү

Көрүлдү: 0

Сокулук районунда «Менин насаатчым» программасынын алкагында «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» куралын колдонуу менен мектептер аралык семинар-практикум өттү. Иш-чара райондун пилоттук үч мектебинде уюштурулуп, мугалимдерди, насаатчыларды жана билим берүү тармагындагы адистерди чогултту. Катышуучулар билим берүү мекемелеринде насаатчылык системасын өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин жана багыттарын талкуулашты.

post.title

 

Семинардын негизги максаты – билим берүү уюмдарынын ортосунда тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу, ошондой эле катышуучулардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү болду. Негизги аспектилердин бири катары мугалимдерди колдоонун жана өнүктүрүүнүн эффективдүү жолу катары болгон насаатчылыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Семинардын программасы теориялык жана практикалык сабактарды камтыды. Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар ачык сабактарга күбө болуп, конкреттүү окуу кырдаалдарында көрсөткүчтөрдү жана индикаторлорду аныктап, аларды талдап, пикирлерин билдиришти. Ошондой эле, талкуу учурунда пилоттук мектептерде «Менин насаатчым» программасын ийгиликтүү ишке ашыруунун мисалдары көрсөтүлүп, катышуучулар пайдалуу тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Катышуучулардын бири белгилегендей: «Мугалимдердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү гана эмес, аларды иш процессинде колдоо дагы өтө маанилүү. Насаатчылык ишеним жана колдоо чөйрөсүн түзүүгө жардам берип, жыйынтыгында билим берүүнүн сапатын жакшыртат».

«Менин насаатчым» программасына Сокулук районундагы 40 пилоттук мектептен жана Бишкек шаарындагы 20 мектептен жалпысынан 180дей мугалим катышууда.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар