Көрүлдү: 280
Кадамжай жана Ысык-Ата райондорундагы 40 пилоттук мектептеги башталгыч класстарда критериалдык баалоо инструменттерин жана методологиясын сыноо улантылууда.
Кадамжай жана Ысык-Ата райондорундагы 40 пилоттук мектептеги башталгыч класстарда критериалдык баалоо инструменттерин жана методологиясын сыноо улантылып жатат.
Инструменттин натыйжалуу сыноодон өтүшүн камсыз кылуу жана Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелерине натыйжалуу киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында 2025-жылдын 27-январында Бишкек шаарында, 31-январда Ош шаарында мастер-тренерлер менен насаатчылар үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү.
Катышуучулар алдыдагы эки ай ичинде мектептерде офлайн жана онлайн форматтарда өтө турган иш-чаралардын планын аныкташты. Ошондой эле пилоттук мектептерде критериалдык баалоону колдонуу боюнча сессиялар аралык практикумдардын графиги бекитилди.
Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.