Көрүлдү: 58
1-2-ноябрда Бишкек шаарында, 5-6-ноябрда Ош шаарында байкоочу-кодерлер үчүн маалыматтарды кодировкалоо жана байкоо жараяндарына окутуу боюнча тренинг өткөрүлдү. Окутуунун максаты "Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү" (ББПБЖ) улуттук инструментин колдонуу менен кайрадан баалоо жүргүзүүнүн алкагында байкоочулардын командасын тышкы байкоо жүргүзүүгө жана маалыматтарды чогултууга даярдоо болуп саналат.
Эске салсак, буга чейин 2023-жылы ББПБЖ улуттук инструментин колдонуу менен 120 мектептеги эксперименталдык жана 120 мектептеги контролдук топтон маалымат чогултуунун 1-раунду жүргүзүлгөн. Ар бир мектепте башталгыч класстын бир мугалиминин жана орто мектептин бир мугалиминин, негизинен STEM-предмет мугалимдеринин сабактары байкалган. Бардык катышуучу мектептер жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн талкууга катышты.
Семинар-тренингдин жүрүшүндө теориялык жана практикалык сессиялар өткөрүлдү. Мугалимдерге окутуу практикасынын натыйжалуулугуна таасир этүүчү факторлорду аныктаган инструменттин анкеталары боюнча бекитилген өзгөртүүлөр түшүндүрүлдү. Ошондой эле катышуучуларды байкоону кодировкалоонун ишенимдүүлүгүнө сертификациялоо жүргүзүлдү. Мындан сырткары, маалыматтарды электрондук форматта чогултуу платформасы презентацияланды. Катышуучулар 2-раунддун жол-жоболорун жакшыртуу боюнча өз сунуштарын беришти. Кайрадан баалоо 2024-жылдын ноябрь айынын экинчи жарымында башталат.
“Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” (ББПБЖ) каражаты - сабактын жүрүшүндө мугалимдин да, окуучулардын да окуу чөйрөсүнө жана иш-аракеттерине байкоо салуунун негизинде түзүлгөн окутуу процессин комплекстүү баалоо куралы.