Көрүлдү: 1481
Тренингдин максаты – мугалимдерди окуу процессине инновациялык педагогикалык технологияларды колдонуу жана педагогикалык ыкмаларды киргизүүгө даярдоо. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты боюнча терең билим алышып, мектеп окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун калыптандырууга багытталган жаңы методикалар жана дидактикалык каражаттар менен таанышышты.
Тренингге 1200 пилоттук мектептин 8000ден ашык мугалимдер катышты. Окутуу оффлайн жана онлайн форматында өткөрүлдү.
Модулдун программасы төмөндөгү актуалдуу темаларды изилдөөнү камтыды:
Предметтер аралык долбоорлорду иштеп чыгууга аны ишке ашырууга, изилдөө иштерине, ошондой эле критерийлик баалоого өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар топтордо өз ара активдүү аракеттенишип, практикалык оюндарды жана талкууларды өткөрүп, алган билимдерин практикада колдонушту.
Тренинг берилген материалдардын актуалдуулугу, практикалык пайдалуулугу жана окутууну уюштуруу сыяктуу критерийлер боюнча оң баага ээ болду. Анкеталоо көрсөткөндөй, катышуучулар окууну жогору баалашты, алар жаңы методикаларды мектепте иш жүзүндө колдонушту.
Окутуу Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Программа билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана заманбап билим берүү талаптарына жооп берген көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.