Көрүлдү: 0
Таш-Көмүр шаарындагы «Мишутка», «Жомок» бала бакчаларынын жана Т. Сатылганов атындагы №4 мектептин базасында кыска мөөнөттүү (3 сааттык) тайпалар түзүлдү.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары октябрь айынан бери иштеп жатат. Балдар бакчада эки нөөмөт менен тарбияланууда: 1-топ саат 9дан 12:00ге чейин, 2-топ 13төн 15ке чейин.
Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын салтанаттуу ачылуу аземине шаардын мэри К.Бектемиров, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги жана ата-энелер катышты.
Бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында түзүлдү. Министрлик тайпалар үчүн бөлүнгөн бөлмөлөрдү толугу менен оңдоодон өткөрүп, керектүү болгон бардык жабдыктар, куралдар менен камсыздады: санитардык-гигиеналык шарттар, килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчасы, тарбиячылар үчүн колдонмолор.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүп жатат. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат. Бул бакчаларда билим алуу акысыз.