Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Ысык-Көл районунда мектептин базасында кыска мөөнөттүү бала бакча түзүлдү

Көрүлдү: 0

Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылындагы академик Аман Мамытов мектеп-гимназиясынын базасында “Балажан” аттуу 2 тайпадан турган кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды. Мында эми нөөмөт менен 100 бала тарбияланат.

post.title

 

Бакча Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында түзүлдү. Министрлик тайпалар үчүн бөлүнгөн бөлмөлөрдү толугу менен оңдоодон өткөрүп, керектүү болгон бардык жабдыктар, куралдар менен камсыздады: санитардык-гигиеналык шарттар, килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчасы, тарбиячылар үчүн колдонмолор.

Ачылуу аземге шаардык, облустук бийлик жетекчилери, Ысык-Көл райондук Билим берүү бөлүмүнүн адистери жана жергиликтүү тургундар катышты. Ошондой эле, бакчада иштей турган эки тарбиячыга “Балалык” программасы боюнча окуудан өткөрдүгү үчүн сертификат тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүп жатат. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар