Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кара-Көл шаарында кыска мөөнөттүү эки бала бакча ачылды

Көрүлдү: 0

Эки бала бакчада жалпы 4 кыска мөөнөттүү тайпа ачылды. Мында 200 бала тарбияланып жатат.

post.title

 

 

Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү мэрия сунуштаган имаратты жана бөлмөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттарды түздү. Бакча үчүн керектүү болгон бардык жабдыктар жана куралдар менен камсыздады: килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары, тарбиячылар үчүн колдонмолор. Мындан сырткары балдар аянтчасы да жеткирилип, орнотулду.  

Бакчада иштеп жаткан тарбиячылар «Балалык» программасы боюнча окутуудан өктөрүлдү.

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар