Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Аламүдүн районунда кыска мөөнөттүү 5 бала бакча ачылды

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунда кыска мөөнөттүү 5 бала бакчаны ачты.

post.title

 

Райондун А. Сыдыков  айыл өкмөтүндө (Васильевка, Виноградное айылдарында ) кыска мөөнөттүү 3 жана Арашан айыл өкмөтүндө (Арашан, Таш-Дөбө айылдарында) 2 бала бакча ачылды. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары 2-сентябрдан тартып өз ишин баштады.

Долбоордун алкагында Аламүдүн району боюнча жалпы кыска мөөнөттүү 11 бала бакча түзүлөт. Калган объекттер жыл аягына чейин бүткөрүлмөкчү.

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар