Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Билим берүү жана илим министрлиги эки жылдын ичинде 59 миңдей педагогду окутуудан өткөрдү

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги акыркы эки жылда Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 59 миңге жакын мугалимдин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатты.

post.title

 

Окутуулар 2023-жылдын февраль айынан башталган жана 2024-жылдын август айында аяктайт. Тренингдер гибрддик форматта - оффлайн жана онлайн режимде өтүп жатат:

  • «Санариптик сабаттуулук» программасы боюнча – 36 миң мугалим;
  • «Инновациялык педагогикалык технологиялар» (башталгыч класс мугалимдери) программасы боюнча - 7 миң мугалим;
  • «Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери» программасы боюнча - 8 миң мугалим;
  • «Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары» программасы боюнча - 7 миң мугалим.
  • «Балалык» программасы боюнча – 827 тарбиячы (кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын тарбиячылары).

Белгилей кетсек, тренингдердин максаты – балдарды окууга даярдоо аркылуу окутуунун натыйжаларын жакшыртуу, мугалимдердин компетенттүүлүгүн жана сабакта натыйжалуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү.

Бардык окутуу программалары учурдагы мугалимдерди даярдоо жана окутуу тутумдарына (баштапкы окутуу жана үзгүлтүксүз билим берүү) киргизилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар