Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дифференциалдык окутуу боюнча методикалык колдонмо апробациядан өттү

Көрүлдү: 0

Апробацияга Сокулук районундагы жана Бишкек шаарында бала бакчалардын тарбиячылары катышты.

post.title

 

Колдонмодо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, өнүгүүдөгү өзгөчөлүктөрү жана ар кандай муктаждыктары бар балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган дифференциалдык окутууну киргизүүнүн инструментарийи сунушталат.

Бул колдонмонун негизинде бала бакча тарбиячыларын окутуу модулу иштелип чыгат. Аны менен июнь-август айларында (2023-жыл) республика боюнча жалпы 4700дөй тарбиячыны тренингден өткөрүү пландалган.

“Дифференциалдык окутуу боюнча методикалык колдонмо” мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы окутуу практикасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар