"Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору
"Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору
5-августтан тартып өлкөнүн мектеп китепканаларына кеңсе жабдуулары жеткириле баштады

Көрүлдү: 1213

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун колдоосу менен 2021-жылдын 5-августунан тартып өлкөнүн мектеп китепканаларына кеңсе жабдууларын жеткире баштады.

post.title

2098 билим берүү мекемеси окуу китептер фонддорун инвентаризациялоо боюнча толук өнөктүктү баштай алышат. Жабдуулар, анын ичинде компьютер, көп функциялуу түзмөк (принтер + сканер + көчүрүүчү) жана окуу китептеринен QR коддорун окуу үчүн өзүнчө сканер мектеп китептерин башкаруу процессин автоматташтыруу, ошондой эле окуу китептерин эсепке алуу, китепканачылардын отчётторун түзүү жана жаңы окуу китептерине арыздарды каттоо үчүн арналган.

Мектептерди жабдуулар менен камсыздоонун алдында министрликтин кызматкерлери менен «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун биргелешкен чоң иши болду. Эске салсак, окуу китептерин башкаруунун автоматташтырылган маалымат системасы (АМС) долбоордун алкагында мурда түзүлгөн жана окуу китептерин ижарага алуу процессинин эффективдүүлүгүн, адилеттүүлүгүн, ачыктыгын жогорулатуу жана мектептер үчүн окуу китептери менен камсыздоону жакшыртуу максатында «Жаңы Китеп» мекемесине андан ары башкаруу үчүн өткөрүлүп берилген. АМСти улуттук масштабда ишке киргизүү чечими министрлик тарабынан Ысык-Көл облусунун 30 мектебинин жана райондук билим берүү бөлүмүнүн китепканаларында, ошондой эле 10 “Келечектин мектептеринде” ийгиликтүү пилоттоонун негизинде кабыл алынган. Жабдууларды мектептерге жеткирүү учурунда китепканачыларга компьютердик сабаттуулукту, берилген жабдууларды жана автоматташтырылган маалымат системасын колдонууну үйрөтүү үчүн тренерлер даярдалган.  

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар