"Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору
"Секторду өнүктүрүү программасы: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоору
Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун ишинин натыйжаларын талкуулоо боюнча тегерек стол

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан тегерек стол өткөрүлдү, тегерек столдо «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун ишинин натыйжалары талкууланды.

post.title

Азия өнүктүрүү банкы «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорун ишке ашырууга 22 млн. АКШ доллар (грант) бөлду. Долбоорду ишке ашыруу 2015-жылдын аягынан башталып, 2022-жылдын июнь айында аяктайт.

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдөрүнүн кызматкерлери, облустук усулдук билим берүү борборлорунун жетекчилери, 30 инновациялык жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору, долбоордун консультанттары, ошондой эле массалык маалымат кызматынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Азия өнүктүрүү банкын көп жылдык кызматташтыгы үчүн жана «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» (2015-2022-жж.) долбоорунун ийгиликтүү аякташына байланыштуу “Кызматташтык салымы үчүн” медалы менен сыйлады.      

«Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында (2015-2022-жж.) Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен долбоордун негизги компоненттерине кирген бир катар милдеттер ийгиликтүү ишке ашырылган:

  • 1 компонент - предметтик билим берүү стандарттарын жаңыртуу аркылуу мектептеги билим берүүнүн мазмунун жакшыртуу  
  • 2 компонент - мугалимдердин ишинин сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын жакшыртуу
  • 3 компонент - инновациялык мектептердин базасында сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү  
  • 4 компонент - секторду башкарууну жакшыртуу

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы 1990-жылдардын ортосунан бери билим берүү секторун өнүктүрүүнү колдогон Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү боюнча эң узак өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Азия өнүктүрүү банкынын бюджетти колдоо боюнча биринчи программаны ишке киргизүүсү өлкөгө экономикалык оор кризис учурунда системаны сактап калууга жана андан аркы өнүгүү жолдорун аныктоого жардам берди. Ошондон бери АӨБ Өкмөттүн өлкөдөгү мектептик жана кесиптик билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча аракеттерин бир катар логикалык ырааттуу инвестициялык долбоорлор жана саясатка негизделген программалар аркылуу ырааттуу колдоп келет.

АӨБнын мурунку программаларынын негизги сабагы - билим берүүдөгү системалуу өзгөрүүлөр убакытты талап кылат, демек, бир долбоордук циклден тышкары узак мөөнөттүү милдеттенмелерди алат. Окуу программаларын реформалоо, ошондой эле мугалимдерди даярдоо системасын реформалоо татаал түзөтүүлөргө дуушар жана Өкмөттүн олуттуу саясий эркин, ошондой эле АӨБ иштей турган узак мөөнөттүү милдеттенмелерди, техникалык колдоону жана финансылык ресурстарды талап кылган өзгөрүүлөр болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар