Көрүлдү: 0
Физика сабагында лабораториялык жабдууларды натыйжалуу колдонуу жана алар жетишсиз болгон учурда практикалык иштерди уюштуруунун кандай жолдору бар? Бул маселелер Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Т. Айтматов атындагы № 5 кластердик жалпы билим берүү мектебинде өткөн практикалык семинарда талкууланды.
Семинарга шаардагы мектептердин физика мугалимдери катышты. Иш-чараны физика мугалимдери Юлдашева М. М. жана Абдуразакова Ш. Р. өткөрүштү.
Ч.Т. Айтматов атындагы № 5 мектеп өлкөдөгү 220 кластердик мектептин бири катары Агартуу министрлиги тарабынан STEM предметтерин окутууга арналган заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыздалган. Бул мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу менен катар мектептин мугалимдери өз тажрыйбасын кесиптештери менен бөлүшүп, практикалык окутуунун ыкмаларын жайылтууга салым кошууда.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар лабораториялык иштерди уюштуруунун жолдорун талкуулап, жабдуулар жетишсиз болгон шартта колдонууга мүмкүн болгон альтернативдүү ыкмаларды карашты. Топтордо иштеп, өз идеяларын сунуштап, сабактарды кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүүгө багытталган методикалык ыкмалары менен бөлүшүштү.
Мындай семинарлар мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуусуна, жаңы окутуу ыкмаларын өздөштүрүүсүнө жана аларды башка мектептерде колдонууга шарт түзөт. Натыйжада физика сабактары теориялык билим менен гана чектелбестен, окуучулардын эксперимент жүргүзүп, байкоо жасап, жыйынтыктарды талдоосуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет.