"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Санариптик лабораториялар иш жүзүндө: кластердик мектептерде жаңы методикалык материалдар сыналууда

Көрүлдү: 0

Лабораториялык сабактарды кантип түшүнүктүүрөөк жана көрсөтмөлүү кылууга, окуучуларды эксперименттин маалыматтары менен иштөөгө үйрөтүүгө жана санариптик жабдууларды сабактарда натыйжалуу пайдаланууга болот? Бул суроолорго ушул тапта физика предмети боюнча методикалык материалдарды апробациядан өткөрүп жаткан кластердик мектептердин мугалимдери жооп издешүүдө.

post.title

Бул иштер Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, «Мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Апробациянын максаты — мугалимдер үчүн иштелип чыккан колдонмолордун жана окуучулар үчүн даярдалган жумушчу баракчалардын колдонууга ыңгайлуулугун, түшүнүктүүлүгүн жана мектеп шартында пайдаланууга жарактуулугун текшерүү. Методикалык материалдар санариптик технологияларды окуу процессине киргизүүгө жана окуучулардын практикалык иштерин уюштурууга канчалык жардам берерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Апробацияга кластердик мектептердин мугалимдеринен түзүлгөн фокус-топтун мүчөлөрү катышууда. Алар лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрүп, сунушталган көрсөтмөлөрдү иш жүзүндө сынап, жыйынтыктарын белгилеп, материалдарды жакшыртуу боюнча сунуштарын даярдашууда.

Мисалы, физика мугалимдери Smart Cart санариптик жабдуусунун жана SPARKvue тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүшүүдө. Бул каражаттар эксперименттин жүрүшүндө алынган маалыматтарды көрсөтүүгө, өлчөө жыйынтыктарын каттоого жана физикалык кубулуштарды талдоо үчүн графиктерди түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындай жабдуулар физикалык мыйзам ченемдүүлүктөрдү көрсөтмөлүү түшүндүрүүгө жана эксперимент жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет. Ошол эле учурда мугалимдер санариптик жабдуулардын саны чектелүү болгон шартта сабакты туура уюштуруу маанилүү экенин белгилешет. Бул үчүн окуучулар арасында милдеттерди бөлүштүрүү, эксперименттин этаптарын кезектешип аткаруу жана санариптик өлчөөлөрдү мектептеги колдо болгон жабдуулар менен айкалыштыруу сунушталууда. Мындан тышкары, PhET сыяктуу виртуалдык лабораториялар да практикалык окутууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Апробация иштелип чыккан материалдардын сапатын текшерүү менен гана чектелбейт. Ал мектептердеги реалдуу шарттарды, мугалимдердин тажрыйбасын жана лабораториялык сабактарды өткөрүүдө жаралышы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды да эске алууга мүмкүндүк берет.

Апробациянын жыйынтыгы боюнча мугалимдер материалдарды өркүндөтүү үчүн корутундуларын жана сунуштарын беришет.

Бул иштердин негизги максаты — санариптик жабдууларды практикалык окутуунун натыйжалуу куралына айландыруу, ошондой эле окуучуларга эксперимент жүргүзүүгө, маалыматтарды талдоого жана табигый-илимий компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар