Көрүлдү: 0
Аксана Осмонова – жаш мугалим. Ал эки жылдан бери Нарын облусунун Жаңы-Жол айылындагы Турсун Темирова атындагы жалпы билим берүү мектебининин окуучуларына химия сабагын окутуп келет. Анын айтымында, окуу жайда окуучулар менен ар кыл тажрыйбаларды ишке ашырууга жабдуулар жетишсиз болчу:
«Лабораториялык жабдуулар канчалаган жылдан бери жаңыланбай, көбү иштен чыгып калгандыктан, алардын айрымдарын өзүбүз жасап же сатып алчубуз».
Аксана айым иштеген мектеп өлкөдөгү 220 кластердик мектептин бири. Жыл башында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында бул мектептерди STEM-класстар үчүн (физика, химия, география, биология) заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар жана практикага багытталган, санариптик окутууну камсыздаган маалыматтык-коммуникациялык каражаттар менен камсыздаган. Бардыгы болуп 5 500 лабораториялык комплект, 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук берилген.
Жалпысынан республика боюнча 53 жалпы билим берүүчү окуу жайы инновациялык деген макамга ээ болуп, иш алып барууда. Аларга жакын жайгашкан мектептер кластердик болуп таанылып, инновациялык мектептерден методикалык жана башкаруучулук колдоо алып, тармактык аракеттенүү жүрүүдө.
Инновациялык мектептер ресурстук жана методикалык борбор катары кызмат өтөп, кластердик мектептерге методикалык жана башкаруучулук колдоо көрсөтүүдө. Бул өз кезегинде алдыңкы тажрыйбаларды республика боюнча жайылтууга шарт түзүп жатат.
Ал эми А.Осмонова мектепке заманбап лабораториялык жабдуулардын келгенден тарта кызыктуу тажрыйбаларды ишке ашырып, окуучуларга теманы жакшыраак түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралганын айтат.
Билимди тажрыйба менен бекемдөө
Жогорку класстын окуучусу Эгембердиева Нурия Баткен облусундагы Кызыл-Бел кластердик мектебинде билим алат. Ал жаңы жабдуулар тууралуу буларды айтат:
«Учурда биз китептен окуп эле тим болбостон, тажрыйба жасап, жыйынтыгын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Мисалы, микроскоп менен иштөө биология сабагын кызыктуу кылат. Мындай иштер теманы жакшы түшүнүүгө, өз алдынча изилдөөгө жана жыйынтык чыгарууга үйрөтөт – дейт окуучу.
Бул комплекттер изилдөөчү лабораториялык иштерди жүргүзүүгө, механика, электр жана магнетизм мыйзамдарын, оптикалык кубулуштарды, толкун процесстерин, суюктуктардын касиеттерин, химиялык реакцияларды жана биологиялык объекттерди изилдөөгө арналган. Жабдуулар так өлчөөлөрдү жүргүзүүгө, эксперименттик маалыматтарды каттоого жана талдоого, ошондой эле окуучулардын илимий-изилдөө көндүмдөрүн жана заманбап өлчөө технологиялары менен иштөө жөндөмдөрүн калыптандырууга шарт түзөт.
Нарын облусунун Баш-Кайыңды айылындагы Чыпай Асеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин химия мугалими Токтогазы кызы Айгүл мугалимдик кесипти 16 жылдан аркалап келет. Ал өз эмгек жолунда мындай заманбап жабдуулар менен алгачкы жолу иштеп жатканын айтат. Анын пикиринде, жабдуулар менен өткөн сабактар окуучулар үчүн кызыктуу болуп, алардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, активдүү катышуусуна шарт түзүүдө:
«Биздин мектеп берилген лабораториялык жабдууларды сабактарда максаттуу колдонуп келет. Айрыкча, техникалык көрсөтмө куралдар жетишсиз болгон учурда электрондук лабораториялык жабдууларды колдонуу сабакты натыйжалуу уюштурууга, татаал темаларды түшүндүрүүнү жеңилдетүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берет. Окуучулар да бул жабдууларга чоң кызыгуу менен мамиле кылып, сабакка дилгир катышып жатышат. Азыркы маалыматтык технологиялар өнүккөн заманда окуучулардын көңүлүн буруп, предметке кызыгуусун арттыруу үчүн окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу маанилүү».

Сабакка болгон кызыгуу артууда
Аталган жабдуулар Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кластердик мектебине да келген. Окуу жайдын 11-классынын окуучусу Айзирек Нишанова алар окуучуларга STEM сабактарын жакшыраак өздөштүрүүгө жардам берип жатканын белгилейт.
«Учурда физика, химия, география, биология сабактарын мурдагыдан жакшы түшүнгөндүктөн бааларыбыз жогорулап, билим сапатыбыз жакшырды. Мурда бул сабактар татаал сезилчү, азыр жаңы жабдуулар менен баары түшүнүктүү болуп, сабактарга болгон кызыгуум артты. Менимче, мындай мүмкүнчүлүктөр келечекте да керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет».
Лабораториялык жабдуулар ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, окуу процессинде ар кыл багыттагы тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Интерактивдүү панелдер жана кубаттуу окуу ноутбуктары лабораториялык иштерди башкарууга, эксперименттердин жыйынтыктарын онлайн көрсөтүүгө, санариптик моделдерди жана симуляцияларды көрсөтүүгө, ошондой эле окуучулардын долбоордук жана изилдөө иштерин иштеп чыгууга, сактоого жана сунуштоого колдонулат.
Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Айтматов атындагы № 5 мектептин физика мугалими Юлдашев Махзуна да жаңы заманбап жабдууларга өзгөчө кубанган. Ал лабораториялык жабдууларды сабактарда үзгүлтүксүз колдонуп келет:
«Жабдуулар заманбап, сапаттуу жана колдонууга ыңгайлуу. Алар окуучуларга теориялык билимдерин практикада колдонууга, тажрыйбалар аркылуу темаларды тереңирээк түшүнүүгө жана изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берүүдө. Мындай колдоо билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана мектептерде заманбап окутуу ыкмаларын жайылтууга өбөлгө түзөт. Окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, мугалимдердин эмгегин жеңилдетүүгө салым кошкондугуңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!».

Белгилей кетсек, жакын арада ушундай жабдуулар 53 инновациялык мектепке да берилет. Кластердик мектептердин STEM мугалимдери сыяктуу эле, инновациялык мектептердин физика, химия, география жана биология мугалимдери да окуу-лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдууларды натыйжалуу пайдалануу боюнча атайын окуудан өтүшөт.
12 жылдык билим берүүнүн алкагында STEM предметтерин колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Анткени дүйнө жүзүндө илим, технология, инженерия жана математика заманбап экономиканын жана инновациялардын негизги кыймылдаткычтары болуп саналат. Бул предметтер окуучуларга теориялык билимди практикада колдонууга, сынчыл ой жүгүртүүгө жана көйгөйлөрдү өз алдынча чечүүгө үйрөтөт. Ошондуктан STEM багытын өнүктүрүү – окуучуларды келечектеги кесиптерге даярдоонун жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүү шарттарынын бири.