Көрүлдү: 0
12 жылдык билим берүү системасы баланын жөндөмүн ачууга, өз алдынча ой жүгүртүүсүн жана заманбап көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул максаттарга жетүүдө ата-энелердин реформанын маңызын түшүнүүсү жана мектептин ишине кызыгуу менен катышуусу маанилүү.
Инновациялык мектептерде ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүүгө жана балдардын сапаттуу билим алуусу, коопсуздугу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн биргеликте иш алып барууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жумада инновациялык мектептердин көпчүлүгүндө ата-энелер чогулуштары уюштурулуп жатат. Аларда окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, үй-бүлөлүк тарбия, балдардын ден соолугу жана коопсуздугу, укук бузуулардын алдын алуу, кесип тандоо сыяктуу маанилүү маселелер талкууланууда.
Инновациялык мектептер ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүүдө мектеп жамааты менен гана чектелбестен, милиция кызматкерлерин, психологдорду, медицина кызматкерлерин жана башка тиешелүү адистерди да тартууда. Алар балдардын коопсуздугу, психологиялык абалы, ден соолугу, тарбиясы жана укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ата-энелер менен пикир алышып, пайдалуу кеңештерин беришүүдө.
Ошондой эле ата-энелерге инновациялык мектеп деген эмне, эмне үчүн мектепке инновациялык макам берилген жана билим берүүдө кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы тууралуу маалыматтар берилүүдө. Бул ата-энелердин реформанын максаттарын түшүнүүсүнө жана мектептеги өзгөрүүлөргө активдүү катышуусуна шарт түзөт. Айрым мектептерде ата-энелер үчүн атайын тренингдер жана «Ата-энелер мектебинин программасы» да ишке ашырылууда. Мисалы, жогорку класстардын окуучуларынын ата-энелери менен ЖРТга даярдык көрүүдө ата-эненин ролу, балдардын жашоо шарттары жана келечектеги кесипти тандоосу боюнча тренингдер өткөрүлүүдө.
Мектеп менен ата-эне бир максатта аракеттенгенде, баланын жөндөмүн ачууга, заманбап көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечекке ишенимдүү кадам таштоосуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.