"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Мектептин өнүгүү стратегиясынан мугалимдердин кесиптик өсүшүнө чейин: жетекчилер жана методисттер үчүн окутуунун жыйынтыктары

Көрүлдү: 0

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү мектеп жетекчилеринен, методисттерден жана мугалимдерден жаңы билимдерди өздөштүрүп, иштөө ыкмаларын жаңылоону талап кылат. Бул багытта Агартуу министрлиги тарабынан «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында 278 катышуучу «Трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу» боюнча 72 сааттык онлайн-курсту аяктап, сертификат алышкан.

post.title

 

Курстун катышуучулары мектепти өнүктүрүү стратегиясын түзүү, мугалимдердин кесиптик муктаждыктарын аныктоо, жамаатты башкаруу жана билим берүү реформаларын ишке ашыруу боюнча билимдерин тереңдетишкен.

Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы №4 инновациялык жалпы билим берүү мектебинин директорунун орун басары Динара Асанованын айтымында, ал курстан заманбап башкаруу ыкмаларын, санариптик инструменттерди колдонуу жана мугалимдердин кесиптик өсүшүн колдоо боюнча пайдалуу маалыматтарды алган:

«Окутуу учурунда башка аймактардаан кесиптештер менен пикир алмашып, тажрыйбабызды бөлүштүк. 12 жылдык билим берүүдө функционалдык сабаттуулукту жана заманбап көндүмдөрдү өнүктүрүү, окуучуларга кесиптик багыт берүү жана лидерлик сапаттар боюнча да маанилүү маалыматтарды алдык. Азыр алган билимдерибизди практикада ийгиликтүү колдонуп жатабыз».

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мугалимдин кесиптик компетенцияларына дескрипторлор, педагогикалык ишмердүүлүктү өзүн-өзүн баалоо барактары, сабактарды байкоо жана конструктивдүү пикир берүү өңдүү практикалык инструменттерге менен таанышкан.

Ак-Талаа районундагы Э. Карасартов атындагы инновациялык орто мектептин директору Нелли Абылова окутуудан кийин кызматкерлерди шыктандыруу, жоопкерчилик алуу жана жамаатты жалпы максатка багыттоо боюнча билимдерге ээ болгонун жана алар ушул тапта кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдасы тийип жатканын айтат:

«Курстан кийин 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн зарылдыгын жана анын балдар үчүн пайдалуу жактарын жакшыраак түшүндүм. Ошондой эле кызматкерлерди шыктандыруу, чечим кабыл алуу, жоопкерчилик алуу жана команданы жалпы максатка бириктирүү боюнча маанилүү билимдерди алдым. Азыркы учурда билим берүү системасы жаңыланып жатканда мектеп жетекчилери жаңы талаптарды түшүнүп, жамаатты туура багыттай билиши керек. Мындай окутуулар жетекчинин өзүн өнүктүрүүсүнө жана мектепте жакшы өзгөрүүлөрдү ишке ашыруусуна жардам берет».

Тренингде теориядан тышкары, практикалык иштерге өзгөчө көңүл бурулган. Мисалга алсак, мектеп жетекчилери жана методисттер мугалимдердин кесиптик муктаждыктарын диагностикалоо, жеке жана жалпы мектептин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн планын иштеп чыгуу жана аны 2026–2027-жылдарга инновациялык мектептерди өнүктүрүү пландарына кошуу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышкан.

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн Окуу-методикалык кабинетинин башчысы Асаналиева Астра Дүйшөнкуловна курстун методикалык кызматтын ишин жакшыртуудагы маанисине токтолду.

«Бул окутуу методикалык иште билим берүү процессин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн негиз  болду десем, жаңылышпайм. Курстан алган көндүмдөр методикалык иште инновациялык чөйрөнү калыптандыруу, методист катары ар бир педагогдун кесиптик өнүгүүсүнө дем берип, аларды жөн гана аткаруучу эмес, өзгөрүүлөрдүн демилгечиси болууга багыттоого,  мугалимдер ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүп, ички колдоо жана ишеним атмосферасын түзүү аркылуу методикалык кызматтын натыйжалуулугуна,   эффективдүү кайтарым байланыш түзүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүүдө».

Ал эми В.И. Ленин атындагы жалпы билим берүү мектебинин директорунун орун басары Бороева Перизада да курстун жетекчилик ишмердүүлүгүнө тийгизген оң таасирин белгилейт.

«Жетекчи болуу – талап коюу гана эмес, көйгөйдү аныктоо, чечүү жолдорун издөө, келечекти пландаштыруу жана ар бир мугалимдин өсүшүнө шарт түзүү. Заманбап жетекчи өзгөрүүлөрдү алдын ала көрө билип, жамааты менен бирге ийгиликтүү ишке ашырган лидер болушу керек».

Белгилей кетсек, курстун катышуучулары алган билимдерин иш жүзүндө колдонуп, мугалимдердин кесиптик өнүгүү пландарын даярдоо жана аларды инновациялык мектептердин 2026–2027-жылдарга карата өнүктүрүү пландарына киргизүү боюнча иштерди жүргүзүшкөн.

Мындай окутуулар мектеп жетекчилеринин башкаруучулук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, методисттердин усулдук колдоосун күчөтүүгө жана мугалимдердин кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзүп, 12 жылдык билим берүү реформасын натыйжалуу ишке ашырууга жардам берет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар