"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Сымбат Шамшиева: заманбап окутуу ыкмалары билимди практикада колдонууга кантип үйрөтөт?

Көрүлдү: 0

Чүй облусунун Гроздь мектебинин мугалими Сымбат Шамшиева математика жана табигый илимдерди окутуунун заманбап методикалары боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн. Бул ыкмалар мугалимдерге окуучуларды теориялык билимди өздөштүрүү менен гана чектелбестен, аны турмуштук кырдаалдарда колдонууга үйрөтүүгө жардам берет.

post.title

Курстар Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө даярдыктын алкагында уюштурулуп, өлкөнүн бардык аймактарын камтыган. Жалпысынан STEM багыты боюнча 15 826 мугалим окутуудан өткөн.

Теориядан — практикага

Математика багытында математикалык моделдештирүүнү жана эсептөө ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, математикалык түшүнүктөрдү терең өздөштүрүүгө жана аларды күнүмдүк турмушта колдонууга өзгөчө көңүл бурулган.

Ал эми табигый илимдерди окутууда 5E модели колдонулган. Ал беш этаптан турат: кызыктыруу, изилдөө, түшүндүрүү, билимди тереңдетүү жана баалоо. Бул ыкма окуучуларды окуу процессине активдүү катышууга, кубулуштарды изилдөөгө, маалыматтарды талдоого жана өз алдынча жыйынтык чыгарууга үйрөтөт.

Заманбап ыкмалар сабакта кандай колдонулат?

Сымбат Шамшиева — бул методикаларды өздөштүргөн мугалимдердин бири. Анын окуучулар менен иштөөсү заманбап окутуу ыкмаларын мектеп практикасында колдонууга болорун көрсөтөт. Мындай мамиле балдардын ой жүгүртүүсүн, изилдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана алган билимдерин күнүмдүк турмуш менен байланыштырууга жардам берет.

Квалификацияны жогорулатуу программасы практикалык тренингдерди, сабактардын пландарын иштеп чыгууну жана мастер-тренерлердин жекече методикалык колдоосун камтыган.

STEM билимди практикада колдонууга үйрөтөт, ал эми PISA окуучулардын ошол билимди канчалык деңгээлде колдоно аларын баалайт. Андыктан окуучунун эмнени билгени гана эмес, алган билимин турмуштук маселелерди чечүүдө кантип колдоно алары да маанилүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар