"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
53 инновациялык мектеп: билим берүүдөгү жаңы тажрыйбалар

Көрүлдү: 0

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында өлкөнүн ар бир районунан бирден, жалпы 53 мектеп инновациялык мектеп катары тандалып алынган. Алар билим берүүдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү өз ишинде ишке ашырып, жаңы ыкмаларды өздөштүрүп, топтолгон тажрыйбаны башка мектептерге жайылтуучу аянтча катары өнүгүп жатат. Инновациялык мектепти заманбап жабдуулар менен камсыздалган мектеп деп гана түшүнүү туура эмес. Бул – окутуунун жаңы ыкмаларын, жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарын, STEM багытын жана мектепти башкаруунун заманбап ыкмаларын ишке ашырууга шарт түзүлгөн билим берүү чөйрөсү.

post.title

Окуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Инновациялык мектептердин негизги милдеттеринин бири – кластердик  мектептерге усулдук жана башкаруучулук колдоо көрсөтүү. Ошентип, бир мектепте топтолгон тажрыйба ошол мектептин чегинде калбастан, кластердеги башка мектептерге да жайылтылат.

Ушул тапта 53 инновациялык мектеп 220 кластердик мектеп менен байланышта иш алып барууда. Мугалимдердин тажрыйба алмашуусу, практикалык окутуулар жана биргелешкен иш-чаралар аркылуу жаңы ыкмаларды кеңири жайылтуу ишке ашырылып жатат.

Мындан тышкары кластердик мектептердин материалдык базасы жаңыланды. 220 кластердик мектеп STEM сабактарын уюштурууга керектүү лабораториялык жабдуулар жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен камсыздалды. Аларга 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук жеткирилген.

Аталган жабдуулар 53 инновациялык мектепке да жеткирилип, алар окуу эмеректери жана видеокөзөмөл системалары менен камсыздалат жана ошондой эле «Кванториум» билим берүү мейкиндиктери да түзүлөт.

STEM: формуладан - реалдуу  чечимге

STEM дегенде илим, технология, инженерия жана математиканын айкалышы түшүнүбүз.

Мында окуучу даяр жоопту эле күтпөстөн, өзү идея сунуштайт, модель түзөт, эксперимент жүргүзөт, маалыматтарды талдайт. Ушундай жол менен окуучу өз алдынча жыйынтык чыгарганды үйрөнөт.

Мындай сабактар балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, команда менен иштөөсүн өнүктүрүп, келечектеги кесибин тандоосуна да жардам берет.

«Инновациялык мектептин негизги артыкчылыктарынын бири — билим берүүнү теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу уюштуруу. Окуучулар алган билимдерин ар кандай долбоорлордо, эксперименттерде жана практикалык иштерде колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул алардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги кесиптик багытын аң-сезимдүү тандоого жардам берет», — дейт Нарын облусунуну Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы инновациялык мектептин директору Дамира Асанова.

Инновация мугалимден башталат

Өзгөчө көңүл инновациялык мектептерде мугалимдердин жана жетекчилердин кесиптик өнүгүүсүнө да көңүл бурулууда. 300гө жакын мектеп жетекчиси, методист жана билим берүү тармагынын адиси «Трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу» боюнча 72 сааттык окуудан өтүштү.

«Курс абдан пайдалуу болду. Азыркы учурда билим берүү тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөр, анын ичинде 12 жылдык билим берүүгө өтүү, функционалдык сабаттуулук жана заманбап көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча көп маалымат алдык. Башка аймактардан келген кесиптештер менен тажрыйба алмашып, өз мектебибизде колдонууга боло турган жаңы ыкмаларды үйрөндүк», — дейт Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы №4 инновациялык мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Динара Асанова.

Курстун катышуучулары мектепти өнүктүрүү стратегиясын түзүү, заманбап башкаруу ыкмаларын колдонуу, санариптик инструменттерди окуу процессине киргизүү жана мугалимдердин кесиптик муктаждыктарын аныктоо боюнча практикалык маалыматтарды алышты. Ошондой эле лидерлик команда менен иштөө, мугалимдин кесиптик өсүүсүн колдоо жана окуучуларга кесиптик багыт берүү маселелери талкууланды.

Профилдик окутуу: балага өз жолун табууга мүмкүнчүлүк

12 жылдык билим берүүдө окуучунун кызыгуусун жана жөндөмүн эске алуу, ага келечектеги багытын туура тандоого жардам берүү маанилүү. Инновациялык мектептерде буга азыртан даярдык көрүлүүдө.

«Инновациялык мектеп катары биз бул ишке даярдык көрүп жатабыз. Мектепте окуучулардын кызыгуусун, жөндөмүн жана кесиптик багытын аныктоо, ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрүн талдоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле аймактагы эмгек рыногунун талаптары изилденип, мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү жолдору каралууда. Биз үчүн эң башкысы – ар бир окуучунун жөндөмүн жана кызыгуусун аныктап, анын мүмкүнчүлүгүнө ылайык билим берүү»,– дейт  Баткен районунун Кара-Бак айылындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин директору Рахманали Султанов.

Мындан тышкары, мектептин материалдык-техникалык базасы жана билим берүү ресурстары талданып, профилдик окутууну уюштурууга кандай шарттар керектиги аныкталган. Мунун баары окуучуга жөн гана сабак тандап берүү эмес, өзүнүн кызыгуусуна жана мүмкүнчүлүгүнө жараша келечекке багыт алууга жардам берүү үчүн жасалууда.

Негизги максат – тажрыйбаны жайылтуу

Ошентип, 53 инновациялык мектеп жана алар менен байланышкан 220 кластердик мектеп билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдү жеринде ишке ашырып, тажрыйба бөлүшө турган бирдиктүү тармак катары өнүгүп жатат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар