Көрүлдү: 0
Ушул жылдын бешинчи октябрында, «Ынтымак Ордо» мамлекеттик конгресс-борборунда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы кесиптик жетишкендиктери менен айырмаланган педагогдор сыйланды. Алардын арасында инновациялык мектептерде эмгектенген үч мугалим республикалык кароо-сынактын жеңүүчүлөрү катары белгиленди.
🏆 Орус тили жана адабияты боюнча — Кадырова Миргуль Макеновна;
🏆 География боюнча — Мамбетказиева Эльвира Кошойбековна;
🏆 «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча — Эшимбек кызы Айсулуу.
Республикалык деңгээлдеги мындай жетишкендиктер мугалимдердин кесипкөйлүгүн, өз ишине болгон жоопкерчилигин жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кошкон салымын айгинелейт.
Инновациялык мектептер жаңы билим берүү стандарттарын жана заманбап окутуу ыкмаларын киргизүү менен катар педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө жана тажрыйба алмашуусуна өзгөчө көңүл бурат. Мындай ийгиликтер мугалимдердин өз тажрыйбасын өркүндөтүүгө жана жаңы педагогикалык ыкмаларды издөөгө болгон аракетинин маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.
Ардактуу мугалимдерди жеңиши менен куттуктайбыз! Сиздердин эмгегиңиздер жана кесиптик жетишкендиктериңиздер окуучулар үчүн да, кесиптештер үчүн да жакшы үлгү.