"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Кластердик мектептер STEM жабдууларын колдонуу тажрыйбасын талкуулашты

Көрүлдү: 0

Кластердик мектептердин өкүлдөрүнүн катышуусунда онлайн жолугушуу өтүп, анда мугалимдер мектептерге буга чейин берилген заманбап окуу-лабораториялык жабдууларды STEM багытындагы сабактарда колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

post.title

Жолугушууга Кыргызстандын бардык аймактарынан 180ден ашык кластердик мектептин өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, 2026-жылдын башында 220 кластердик мектепке STEM сабактарында практикалык жана лабораториялык иштерди өткөрүүгө арналган заманбап лабораториялык жабдуулар, ошондой эле интерактивдүү панелдер жана ноутбуктар берилген. Ар бир мектеп 25тен жабдуу комплектин алган. Жалпысынан мектептерге 5 500 комплект жабдуу өткөрүлүп берилген.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө мугалимдер жабдууларды сабактарда кандай колдонуп жатышканын, кандай практикалык жана лабораториялык иштерди өткөрүп жатканын айтып, аларды колдонуу учурунда жаралган суроолор жана көйгөйлөр тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле педагогдор жаңы форматтагы сабактардын окуучуларга тийгизген таасири боюнча байкоолору менен бөлүшүштү.

Мугалимдер көп белгилеген жыйынтыктардын бири – окуучулардын табигый илимдерге жана STEM предметтерине болгон кызыгуусунун жогорулашы. Педагогдордун айтымында, окуучулардын өз алдынча эксперимент жүргүзүп, өлчөөчү приборлор менен иштеп, жыйынтыктарды байкап жана алынган маалыматтарды талдай алышы сабактарды практикага көбүрөөк багыттап, окуучулардын кызыгуусун арттырууда.

Жолугушууда мугалимдер долбоордун адистерине суроолорун берип, жабдууларды колдонууда кездешип жаткан практикалык маселелерди талкуулоого да мүмкүнчүлүк алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоордун өкүлдөрү окуу-лабораториялык жабдууларды колдонуу боюнча усулдук колдонмо иштелип жатканын маалымдашты. Аны даярдоого жана мектептердин шарттарына ылайыкташтырууга STEM предметтеринин 80ге жакын мугалими катышууда. Колдонмону даярдоодо педагогдордун практикалык тажрыйбасы жана мектептерде жабдууларды колдонууда жаралган суроолор эске алынууда.

Колдонмо даяр болгондон кийин бардык 220 кластердик мектепке берилет. Ал мугалимдерге лабораториялык, практикалык жана изилдөө иштерин өткөрүүдө жабдууларды натыйжалуу пайдаланууга жардам берет.

Кийинки этапта заманбап STEM жабдуулары 53 инновациялык мектепке да берилет. Бул мектептер билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды киргизүү жана ийгиликтүү педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу үчүн аянтча катары иш алып барууда.

Ошентип, кеп мектептерге жаңы жабдууларды берүү менен гана чектелбестен, аларды окуу процессинде натыйжалуу пайдалануу тажрыйбасын калыптандыруу жөнүндө да болуп жатат. Мугалимдердин тажрыйба алмашуусу жана усулдук материалдардын даярдалышы жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрүн окуучулардын практикалык, изилдөөчүлүк жана санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн кеңири колдонууга шарт түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар