"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
PISA-2025: Кыргызстандын 80-орду – билим берүү реформалары үчүн жыйынтык, чакырык жана багыт

Көрүлдү: 0

PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыктары Кыргызстандагы мектептик билим берүүнүн сапатына коомчулуктун көңүлүн кайрадан бурду. Узак тыныгуудан кийин өлкө билим берүү натыйжаларын баалоо боюнча эң абройлуу эл аралык изилдөөлөрдүн бирине кайрадан катышып, 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи.

post.title

Бул жыйынтыкты ийгилик катары кабыл алуу керекпи же билим берүү системасындагы көйгөйлөрдүн сакталып жаткандыгынын белгиси катары кароо зарылбы? Бул жерде бир жактуу жооп берүү мүмкүн эмес. Бир жагынан, Кыргызстан дагы эле көрсөткүчтөрү салыштырмалуу төмөн болгон өлкөлөрдүн тобунда турат. Экинчи жагынан, мурунку катышууга салыштырмалуу билим берүү натыйжаларында оң динамика байкалууда.

Ошондуктан бүгүн рейтингдеги орунду гана талкуулоо эмес, бул сандын артында эмне турганын, анын билим берүү системасына кандай сигнал берип жатканын жана мындан ары кандай системалуу кадамдар зарыл экенин талкуулоо маанилүү. Айрыкча PISA-2025тин жыйынтыктары өзгөчө мезгилде — 12 жылдык билим берүүгө масштабдуу өтүү, жаңыланган мамлекеттик жана предметтик стандарттарды киргизүү, STEM багыттарын өнүктүрүү, окуу-методикалык комплекстерди кайра иштеп чыгуу жана педагогдорду даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын түп-тамырынан кайра кароо жүрүп жаткан учурда жарыяланды.

Мектеп өзгөрүүдө – мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасы да өзгөрүүдө

Мектептеги масштабдуу реформаны мугалимдин өзүн өзгөртпөй ишке ашыруу мүмкүн эмес. Өзгөрүүлөрдүн негизги звеносу — окуу китептерин жаңылоо гана эмес, жаңы муундагы мугалимди калыптандыруу. Ал изилдөө аркылуу окутууга, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүүгө жана компетенттүүлүккө негизделген ыкманы колдонууга жөндөмдүү болушу керек.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2025–2026-окуу жылында педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу системасында 105 колдонуудагы курс жаңыланып, принципиалдуу түрдө жаңы 20 программа иштелип чыккан. Бир окуу жылынын ичинде квалификациясын жогорулатуу системасы аркылуу 40 миңден ашуун педагог окутуудан өттү.

Бирок камтуунун сандык көрсөткүчү — милдеттин бир гана бөлүгү. Ошол эле учурда квалификацияны жогорулатуу программаларына терең функционалдык талдоо жүргүзүлүүдө. 2026-жылдын июль айында Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун (ПККЖКРДРИ) базасында бул программалардын функционалдык талдоо методологиясына арналган атайын тренингдер өткөрүлдү. Бул — системаны кайра түзүүдөгү маанилүү этап. Ал «канча сааттык окуу өтүлдү?» деген формалдуу эсептен педагогдун кесиптик компетенцияларынын сапатын баалоого өтүүгө мүмкүндүк берет.

Функционалдык талдоо эмнени ачып берет?

Функционалдык талдоо — бул сабактардын аталыштарын же окуу пландарынын түзүмүн текшерүү эмес. Анын негизги максаты — бүгүн Кыргызстан куруп жаткан мектепте иштөөгө педагогдорду квалификациясын жогорулатуу системасы канчалык даярдап жатканын аныктоо.

Функционалдык талдоо окуучулардын билим берүүдөгү жаңы натыйжаларына коюлган талаптар менен педагогдо иш жүзүндө калыптандырылып жаткан компетенциялардын ортосундагы шайкештикти так аныктоого мүмкүндүк берет:

– Күчтүү жактарды жана жетишпеген багыттарды аныктоо: педагогдун кайсы кесиптик компетенциялары программаларда жетиштүү деңгээлде камтылганын, ал эми кайсылары тез арада күчөтүүнү талап кыларын аныктоо;

– Практикалык аракетке багыт алуу: курстар пассивдүү лекцияларды угуудан алыстап, педагог функционалдык сабаттуулукка, сынчыл ой жүгүртүүгө жана билимди реалдуу кырдаалдарда колдонууга багытталган тапшырмаларды түзүүнү үйрөнгөн практикага багытталган форматтарга канчалык өтүп жатканын баалоо;

– Өзөктүк компетенцияларды интеграциялоо: STEM-долбоорлору, санариптик билим берүү технологиялары жана жасалма интеллект (ЖИ), инклюзивдик практикалар, полимаданий билим берүү жана критериалдык баалоо менен иштөө тажрыйбасы программаларга канчалык деңгээлде киргизилгенин аныктоо;

– Кесиптик өсүүнүн үзгүлтүксүздүгү: болочок мугалимди жогорку окуу жайында даярдоо, анын кесипке кирүү этабы (адаптация) жана андан кийинки үзгүлтүксүз квалификациясын жогорулатуу канчалык деңгээлде өз ара байланышта экенин баалоо;

– Коштоо системасы: курс аяктагандан кийин педагог иштеген жеринде зарыл болгон методикалык, ментордук жана посткурстук колдоону алабы же жокпу аныктоо.

Ошентип, функционалдык талдоо заманбап мектептин реалдуу муктаждыктары менен мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнүн иш жүзүндөгү мазмунунун ортосундагы ажырымды жоюп, чечимдерди далилдүү маалыматтардын негизинде кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Программаларды талдоодон – практиканы өзгөртүүгө жана үзгүлтүксүз өнүгүүгө

Функционалдык талдоо анын жыйынтыктары мектептеги реалдуу сабакта конкреттүү өзгөрүүлөргө алып келгенде гана маанилүү болот.

  1. Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү моделине (ККӨ) өтүү: бир нече жылда бир жолу квалификацияны жогорулатуу боюнча салттуу модель үзгүлтүксүз кесиптик өсүүгө орун бошотот. Мугалим өзүнүн өнүгүүсүнүн активдүү субъектисине айланып, рефлексияга, өзүнүн педагогикалык практикасын изилдөөгө (Action Research) жана көндүмдөрүн дайыма жаңыртууга катышат.

  2. Практикага багытталган окутуу жана каскаддык ыкма: педагогду окуучулардын долбоордук жана изилдөөчүлүк ишмердигин уюштурууга салттуу лекциялардын жардамы менен үйрөтүү мүмкүн эмес. Мугалим өзү долбоордук иштерге, STEM-изилдөөлөргө жана заманбап сабактарды моделдөөгө катышкан окуучу ролунда болушу керек. Жаңы методикаларды ыкчам жайылтуу үчүн каскаддык окутуу формалары жана мектептердин, мектептик кластерлердин ичинде ментордук коштоо күчөтүлөт.

  3. Педагогдун функционалдык сабаттуулугу: окуучуда сынчыл ой жүгүртүү, маалыматтар менен иштөө жана стандарттуу эмес чечимдерди табуу жөндөмүн калыптандыруу үчүн мугалим өзү предметтер аралык окутуунун жана PISA форматындагы тапшырмаларды түзүүнүн инструменттерин эркин өздөштүрүшү керек.

PISA «тестке даярдоого» айланбашы керек

Маанилүү принцип: квалификацияны жогорулатуу системасын жана жалпы эле мектептик билим берүүнү реформалоонун максаты тесттерди механикалык түрдө аткарууга үйрөтүү эмес. PISA изилдөөсүнүн баалуулугу — ал окуу китебинен тышкары күнүмдүк турмушта колдонулуучу көндүмдөрдүн деңгээлин баалагандыгында.

Функционалдык сабаттуулук ар бир предметте күн сайын өнүктүрүлүшү керек:

– математикада — математикалык моделдерди реалдуу турмуштук маселелерге колдонуу жөндөмү;

– табигый илимдерде — гипотезаларды түзүү, маалыматтарды талдоо, изилдөө жүргүзүү жана тыянактарды далилдер менен негиздөө жөндөмү;

– тилдик сабактарда — татаал тексттерди талдоо, маалымат булактарын сын көз менен баалоо, фактыларды пикирлерден айырмалоо жөндөмү;

– STEM-долбоорлордо — реалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир нече предметтин билимдерин интеграциялоо жөндөмү.

Мугалим квалификациясын жогорулатуу курстарында дал ушул методикалык инструменттерди өздөштүргөндө, мектеп баланы «PISAга» даярдоону токтотуп, аны XXI кылымда ийгиликтүү жашоого даярдай баштайт, ал эми эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөр мындай сапаттын табигый натыйжасына айланат.

80-орундан – реформалардын системалуу өз ара шайкештигине

Кыргызстандын 80-орду — ошол эле учурда жыйынтык, чакырык жана багыт. Жыйынтык — анткени алынган маалыматтар динамиканы көрсөтөт; чакырык — анткени окуучулардын олуттуу бөлүгү дагы деле сабаттуулуктун базалык деңгээлине жете элек; багыт — анткени өзгөрүүлөрдүн вектору аныкталууда.

Бүгүнкү күндө реформанын негизги элементтери өз ара байланышкан бирдиктүү механизмди түзөт:

PISA (диагностика) – МБС (бүтүрүүчүнүн модели) – Предметтик стандарттар – ОМК жана окуу китептери – квалификацияны жогорулатуу системасы (педагогдун компетенциялары) – сабак – баалоо

Дал ушул педагогдорду даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасы жаңыланган стандарттар менен окуу китептерин окуучунун сабактагы реалдуу билим берүү тажрыйбасына айландырган көпүрө болуп саналат.

PISAнын кийинки жыйынтыгы бүгүн калыптанууда

PISA-2025тин жыйынтыктары жарыялангандан кийинки негизги суроо Кыргызстан кийинки циклде кайсы орунду ээлейт дегенде эмес, эртең класска кандай мугалим кирет дегенде.

Эгер педагог квалификациясын жогорулатуу курстарында жана ментордук колдоонун жүрүшүндө заманбап технологияларды жана активдүү окутууну уюштуруунун инструменттерин өздөштүрсө, анда реформа өзүнүн негизги дарегине — ар бир конкреттүү сабактагы окуучуга — жетти дегенди билдирет.

Өлкөнүн эл аралык изилдөөлөрдөгү келечектеги жыйынтыгы бүгүн эле калыптана баштайт:

– педагогикалык жогорку окуу жайлардын аудиторияларында;

– мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институттарынын жаңыланган программаларында жана тренингдеринде;

– иштеп жаткан методикалык жана ментордук коштоо тармактарында;

– бала пассивдүү угуучудан активдүү изилдөөчүгө айланган ар бир сабакта.

Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш канчалык ырааттуу жана сапаттуу жүргүзүлөрүнө өлкөнүн PISAдагы позициясы гана эмес, жаңы муундун келечектин чакырыктарына канчалык даяр болору да байланыштуу.

А.Н. Тентимишева, педагогика илимдеринин кандидаты, мугалимдерди даярдоо боюнча адис, «Мектептик билим берүүнү реформалоо: секторду өнүктүрүү долбоору»

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар