Көрүлдү: 0
Инновациялык мектептерде мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө жана заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат.
Айтсак, Токтогул районундагы 42 мектептин табигый-илимий багыттагы мугалимдери үчүн окутуу уюштурулуп, аны Н.Биримкулов атындагы инновациялык мектептин биология мугалими Дөөлөтбекова Миргүл жана география мугалими Касымова Перизат өткөрүүдө.
Алар 12 жылдык билим берүүнү жайылтуу боюнча улуттук мастер-тренерлер катары атайын даярдыктан өтүшкөн.
Жалпысынан 120дан ашык мугалим окуудан өттү.
Окутуу декабрь айына чейин онлайн форматта уланат. Курсту аяктаган мугалимдерге сертификаттар берилет.
Окутуунун жүрүшүндө мугалимдер социалдык-эмоционалдык окутуу, 4К көндүмдөрү, кесипке багыт берүү жана жаңы окуу китептери боюнча маалымат алышты. Ошондой эле сабактарды 5Е жана 3С+1Е моделдеринин негизинде уюштуруу боюнча практикалык иштерди аткарышты.
Мындай окуулар мугалимдерге жаңы ыкмаларды өздөштүрүп, алган билимдерин сабак учурунда колдонууга жана окуучулар үчүн кызыктуу, натыйжалуу окутуу чөйрөсүн түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.