"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Профилге чейинки билим берүү: окуучунун келечегине багыт

Көрүлдү: 0

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мектептерде окуучулардын кызыгуусун, жөндөмүн жана келечектеги кесипке болгон багытын эрте аныктоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта инновациялык мектептерде профилге чейинки билим берүүнү киргизүүгө даярдык көрүлүп жатат. Алардын бири – Баткен районунун Кара-Бак айылындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби. Мектептин даярдыгы, мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрү жана окуучулар үчүн түзүлүп жаткан жаңы шарттар тууралуу мектеп директору Рахманали Султанов менен маектештик.

post.title

— Сиздердин мектеп өлкөдөгү 53 инновациялык мектептин катарына киргени маалым. Бул сиздер үчүн эмнени билдирет?

— Баткен районундагы Кара-Бак айылындагы мектебибиздин өлкөдөгү 53 инновациялык мектептин бири катары тандалып алынышы биз үчүн чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Районубуздагы эң ири мектептердин бири болуп саналабыз. Учурда мектебибизде 1200гө жакын окуучу билим алат. Мындан тышкары, мектеп район борборуна жакын жайгашкандыктан, бул жерде ишке ашырылган жаңы тажрыйбаларды башка мектептерге жайылтууга да ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Биздин педагогикалык жамаат толук курамда иштеп жатат, мугалимдердин кесиптик дарамети жогору. Мектепке караштуу жети кластердик мектеп бар. Өткөн окуу жылында алар менен биргеликте көптөгөн усулдук иштерди, семинарларды жана тажрыйба алмашуу иш-чараларын уюштурдук.

Буга чейин мектептин администрациясы «Трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу» аталышындагы 72 сааттык онлайн кесиптик өнүгүү курсунан өттү. Курстун жүрүшүндө билим берүү уюмдарын натыйжалуу башкаруу, мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн уюштуруу, алардын кесиптик муктаждыктарын аныктоо инструменттери, ошондой эле педагогдорду кесиптик өсүү жолунда колдоо механизмдери кеңири каралды.

Окутуунун жыйынтыгында инновациялык мектептердин жетекчилери мугалимдердин кесиптик муктаждыктарын диагностикалоо, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү боюнча мектептик планды иштеп чыгуу жана аны 2026–2027-окуу жылына карата мектепти өнүктүрүү планына киргизүү боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

— Жаңы окуу жылынан тарта инновациялык мектептерде профилге чейинки окутуу киргизилет деп күтүлүүдө. Бул багыттагы даярдыктар кандай жүрүп жатат?

— Кыргыз Республикасынын 12 жылдык мектептик билим берүү системасында жогорку класстардагы профилдик окутуу өзгөчө мааниге ээ. Анын негизги максаты — айрым сабактарды тереңдетип окутуу менен катар окуучуларга жумушчу кесиптердин негиздерин үйрөтүп, алардын келечектеги билим алуу жана кесиптик жолун аң-сезимдүү тандоосуна шарт түзүү.

Инновациялык мектеп катары биз бул ишке азыртан эле даярдык көрүп жатабыз. Биз үчүн эң башкысы — ар бир окуучунун жөндөмүн жана кызыгуусун аныктап, анын мүмкүнчүлүгүнө ылайык билим берүү.

Учурда төмөнкү багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө:

  • окуучулардын кызыгууларын, жөндөмдөрүн жана кесиптик багыттарын аныктоо;

  • ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташтыгын күчөтүү;

  • мугалимдердин кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн талдоо;

  • материалдык-техникалык базаны жана билим берүү ресурстарын инвентаризациялоо;

  • аймактагы эмгек рыногунун талаптарын изилдөө;

  • мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү.

Белгилей кетүүчү жагдай, ата-энелер менен болгон жолугушууларда алар дагы өз сунуштарын беришти. Алардын пикиринде, кыздар үчүн тигүүчүлүк, ашпозчулук сыяктуу практикалык көндүмдөрдү, ал эми балдар үчүн автодело, техникалык жана башка жумушчу кесиптердин негиздерин үйрөтүү пайдалуу болмок. Биз бул сунуштарды сөзсүз эске алабыз.

— Учурда мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери да жүрүп жатат. Кандай өзгөрүүлөр болот?

— Азыркы учурда мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери белгиленген график боюнча ыкчам жүргүзүлүүдө. Мектептин фасады толугу менен жаңыланып, STEM-кабинеттер, мугалимдер бөлмөсү, актовый жана спорт залдары, методикалык кабинеттер жана фойе заманбап талаптарга ылайык оңдолууда.

Бул иштердин бардыгы окуучулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

Жаңы окуу жылында окуучуларыбызды жарык, заманбап жана бардык шарттары түзүлгөн жаңыланган мектепте тосуп алабыз

Мындан тышкары, Агартуу министрлиги тарабынан мектебибизге STEM сабактарын окутуу үчүн заманбап лабораториялык жабдуулар, маалыматтык-коммуникациялык техникалар жана жаңы эмеректер берилди. Бул окуучулар үчүн практикага багытталган, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана профилге чейинки окутууну сапаттуу уюштурууга кеңири мүмкүнчүлүк берет.

— Инновациялык мектеп катары негизги максатыңыздар кандай?

— Биздин негизги максатыбыз — ар бир окуучунун жөндөмүн ачууга, сапаттуу билим алуусуна жана келечектеги кесибин туура тандоосуна бардык шарттарды түзүү. Профилге чейинки окутуу ушул максатка жетүүнүн эң маанилүү кадамдарынын бири деп эсептейбиз. Инновациялык мектептер дал ушундай жаңы ыкмаларды ишке ашырып, кийин аларды өлкөнүн башка мектептерине жайылтуучу аянтча болуп берет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар