Көрүлдү: 0
Ош облусунун Өзгөн шаарындагы №8 Курманжан датка атындагы жалпы билим берүү мектеби 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында тандалып алынган 53 инновациялык мектептин бири болуп саналат. Инновациялык мектептер билим берүү реформаларын ишке ашыруунун негизги аянтчалары катары STEM-билим берүүнү өнүктүрүүгө, санариптик технологияларды билим берүү процессине кеңири киргизүүгө жана мектептер аралык кызматташууну күчөтүүгө багытталган.
Бүгүнкү күндө мектептин инфраструктурасын жаңылоо жана аны инновациялык мектептердин заманбап талаптарына ылайык келтирүү боюнча масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш жана оңдоо жумуштары белгиленген графикке ылайык ыкчам темпте уланууда.
Учурда мектеп имаратынын экинчи кабатын оңдоо иштери аяктап, биринчи кабатта жана спорт залда ремонт иштери жүрүп жатат. Ошондой эле STEM-кабинеттер, китепкана жана эмгекке үйрөтүү кабинеттерин жаңылоо каралган.
Мектеп директору Орозбек уулу Эламандын айтымында, мектепте стратегиялык башкарууну өнүктүрүү, жаңыланган билим берүү стандарттарын киргизүү жана туруктуу тармактык өз ара аракеттенүүнү калыптандыруу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Мектеп жетекчилиги трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу багытында атайын окуудан өтүп, билим берүү процессин жаңылоо иштерине активдүү катышууда.
Жыл соңуна чейин бардык инновациялык мектептер сыяктуу эле Курманжан датка атындагы мектеп да заманбап лабораториялык жабдуулар жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен камсыздалат.
Бул иштердин негизги максаты — окуучулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү, алардын сапаттуу билим алышына жана келечектеги ийгиликтерине бекем негиз даярдоо.