"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Ой-Терскен мектебинде келечекке багытталган өзгөрүүлөр жүрүүдө

Көрүлдү: 0

12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги инновациялык мектептер тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Өлкө боюнча 53 жалпы билим берүү мекемеси инновациялык мектеп катары тандалып алынып, аларда жаңы билим берүү стандарттарын пилоттук негизде апробациялоо, окутуунун заманбап технологияларын киргизүү жана педагогдордун кесиптик потенциалын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Учурда бул мектептерде модернизацилоо иштери жүрүп жатат. Алардын бири – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында жайгашкан Ой-Терскен инновациялык жалпы билим берүү мектеби.

post.title

Заманбап билим берүү чөйрөсү түзүлүүдө

Мектепти заманбап талаптарга жооп берген билим берүү мекемесине айлантуу максатында кеңири масштабдагы капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. STEM-кабинеттер, спорт зал, китепкана жана эмгекке үйрөтүү кабинеттери толугу менен жаңыланууда. Мындан тышкары, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген жаңы ажаткана курулуп жатат.

Жыл соңуна чейин мектеп заманбап компьютердик жабдуулар, санариптик лабораториялар, жаңы окуу эмеректери менен камсыз болуп, видеобайкоо системасы орнотулат.

Кластердик мектептер менен кызматташтык күчөтүлүүдө

Инновациялык мектептер өздөрүнүн айланасындагы 220 кластердик мектеп менен иш алып барып, аларга методикалык жана башкаруучулук колдоо көрсөтүшөт.

Ой-Терскен инновациялык мектебинин директору Мирбек Муталиповдун айтымында, окуу жай өзүнө караштуу кластердик мектептер менен туруктуу тармактык кызматташтыкты өнүктүрүп, тажрыйба алмашууну жана билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган системалуу иштерди жүргүзүп келет.

Сапаттуу билим берүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Модернизация иштери аяктагандан кийин Ой-Терскен инновациялык мектеби заманбап билим берүү стандарттарына жооп берген окуу жайлардын бири болот жана окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга, мугалимдерге инновациялык окутуу технологияларын натыйжалуу пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар