Көрүлдү: 0
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Д.М.Карбышев атындагы #1 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери активдүү уланууда.
Аталган мектеп өлкө боюнча инновациялык макамга ээ болгон 53 мектептин катарына кирет.
Токсон жылдык тарыхы бар мектепке буга чейин капиталдык ремонт жасалган эмес.
Агартуу министрлигинин өкүлдөрү ушул тапта жеринде курулуш иштеринин жүрүшүнө баа берип, мектеп жетекчилиги жана подрядчы компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда аткарылып жаткан иштердин сапаты, мөөнөттөрү жана бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүшү талкууланды.
Учурда билим берүү мекемесинде STEM-кабинеттер, жыйындар залы, китепкана, методикалык кабинеттер жана санитардык түйүндөр жаңыланып жатат. Ошондой эле мектеп имаратынын сырткы көрүнүшү толугу менен жаңыланууда.
Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай – буга чейин мектептин сыртында жайгашкан санитардык түйүндөр эми окуучулар менен мугалимдердин ыңгайлуулугу үчүн имараттын ичине көчүрүлүп, заманбап талаптарга ылайык курулууда.
Оңдоп-түзөө иштеринде сапаттуу, заманбап жана балдар үчүн коопсуз материалдар колдонулууда.