Көрүлдү: 0
Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы И.Раззаков атындагы №7 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде оңдоп-түзөө иштери уланууда. Бул окуу жай өлкө боюнча инновациялык мектеп макамын алган 53 мектептин катарына кирет.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан быйыл алардын инфраструктурасын жаңылоо жана заманбап билим берүү талаптарына ылайыкташтыруу пландаштырылган.
Учурда мектептин ички жасалгалоо иштерине даярдык көрүлүүдө. Жакын арада STEM-кабинеттери, спорттук зал, китепкананы оңдоп-түзөө, санитардык түйүндөрдү мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн жеткиликтүүгүн эске алуу менен жаңылоо иштери жүрөт. Ошондой эле мектеп имаратынын сырты да толугу менен жаңыланат.
Мектеп директору Гүлсүнай Мадмусаеванын айтымында, мектептин инновациялык макамын алышы — бул чоң жоопкерчилик жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башталышы:
“Мектепте жүргүзүлгөн заманбап оңдоо иштери, жаңыланган окуу кабинеттери, санариптик технологиялар жана STEM лабораториялары окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө билим берүү системасы өзгөрүп, окуучулардан жөн гана билимди жаттап алуу эмес, алган билимин турмушта колдоно билүү, сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачылык жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдөрү талап кылынууда. Мына ушул максаттарды ишке ашырууда инновациялык мектептин ролу өзгөчө мааниге ээ.
12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында мектебибиз жаңы билим берүү программаларын, заманбап окутуу технологияларын жана окуучуга багытталган усулдарды ишке ашырууда. Биздин негизги максатыбыз — билимдүү, чыгармачыл, мекенчил жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды тарбиялоо”.
Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө иштери жаңы окуу жылы башталгыча толугу менен бүткөрүлөт.
Биз инновациялык мектептерде жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтар менен мындан ары да үзгүлтүксүз бөлүшүп турабыз.
Ремонт иштери Азия өнүктүрүу банкынын колдоосунда жүргүзүлүүдө.