"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Инновациялык мектептердин бүтүрүүчүлөрү "Алтын сертификатка" ээ болду!

Көрүлдү: 0

2026-жылы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча 55 бүтүрүүчү эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, «Алтын сертификатка» ээ болушту. Бул жетишкендик билим берүү тармагындагы олуттуу натыйжалардын бири болуп саналат. Алардын катарында инновациялык мектептердин бүтүрүүчүлөрү бар экендиги өзгөчө сыймык.

post.title

Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектебинин бүтүрүүчүлөрү жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. 11-Б классынын бүтүрүүчүсү Муратова Айзирек ЖРТдан 230 балл топтосо, 11-Г классынын бүтүрүүчүсү Акматова Сезимай 239 балл алып, республика боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирин көрсөттү.

Окуучуларды даярдоодо төмөнкү педагогдор салым кошушкан: Масейитова Айнагүл, Акматова Айтгүл жана Имаралиева Жаңылай. Класс жетекчилери: Акматова Дилбар жана Масейитова Айнагүл. Мектеп директору — Алдашева Айгүл.

Ошондой эле Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Абылаева Айдай да «Алтын сертификаттын» ээси болду. Айдай 239 упайга ээ болгон.

Анын жогорку натыйжасына жетишүүсүнө класс жетекчиси жана орус тили мугалими Исмаилова Салтанат, ошондой эле математика мугалими жана мектеп директору Асанова Дамира чоң салым кошушкан.

Бул жетишкендиктер окуучулардын тырышчаак эмгегинин, мугалимдердин кесиптик чеберчилигинин жана ата-энелердин колдоосунун натыйжасы болуп саналат.

Биз «Алтын сертификаттын» ээлерин, педагогикалык жамаатты, мектеп жетекчилерин жана ата-энелерди чын жүрөктөн куттуктайбыз.

Бүтүрүүчүлөрдүн бул ийгилиги өлкө боюнча миңдеген окуучулар үчүн үлгү болуп, жаштарды билимге умтулууга жана жаңы жетишкендиктерге шыктандырат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар