Көрүлдү: 0
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында жайгашкан М.Мамакеев атандагы инновациялык мектепте профилдик окутууну жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн 20 адамдан турган жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топ педагогикалык кеңештин чечими менен расмий бекитилип, учурда коюлган максаттарды ишке ашыруу багытында системалуу иштерди аткарып жатат.
Жумушчу топтун негизги багыттары:
• Окуучулардын потенциалын аныктоо — ар бир окуучунун кызыгуусун, жөндөмүн жана келечектеги кесиптик багытын аныктоо
• Ата-энелер менен кызматташтык — түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мектеп–үй-бүлө байланышын чыңдоо
• Кадрдык мүмкүнчүлүктөрдү талдоо — мугалимдердин кесиптик потенциалын баалоо
• Ресурстарды инвентаризациялоо — материалдык-техникалык базаны жана билим берүү ресурстарын аныктоо
• Эмгек рыногун изилдөө — аймактагы социалдык-экономикалык муктаждыктарды жана заманбап кесиптерди талдоо
• Өнөктөштүктү өнүктүрүү — кесиптик багыттарды колдоо үчүн мекеме-уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүү
Белгилей кетсек, инновациялык мектептердин максаттарынын бири — ар бир окуучунун жөндөмүнө жана кызыгуусуна ылайык сапаттуу билим берүү шарттарын түзүү жана алардын келечектеги кесибин туура тандоосуна көмөк көрсөтүү.