Көрүлдү: 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу эл аралык форумдун республикалык этабында инновациялык мектептердин окуучулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
🥇 Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Эсенгул Карасартов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин 11 жаштагы окуучусу Бегалиев Азим I орунду ээледи.
Ал экология багыты боюнча «Вермикомпост – экологияны сактоонун табигый жолу» аттуу долбоорун сунуштап, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн, илимий изденүүсүн жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилесин көрсөтө алды.
Белгилей кетсек, Азим буга чейин да райондук жана облустук этаптарда I орундарды багындырган.
Жетекчиси: Аскабекова Гүлиза.
🥇 Каракол шаарындагы №11 инновациялык мектептин 6-А классынын окуучусу Асанов Акжол республикалык деңгээлдеги интеллектуалдык сынакта өзүнүн билимин жана жөндөмүн мыкты көрсөтүп, I даражадагы диплом жана алтын медаль менен сыйланды.
Жетекчиси: Калыков Нурлан.
🥈 Түп районунун Талды-Суу айылындагы М. Элебаев атындагы №10 жалпы билим берүү мектебинин 8-В классынын окуучусу Токтосунова Сабрина жогорку интеллектуалдык деңгээлин жана өзгөчө жөндөмүн көрсөтүп, II даражадагы диплом жана күмүш медалга ээ болду.
Окуучуну даярдаган мугалим — Кендирбаев Максат. Ал көп жылдардан бери окуучуларды шыктандырып, алардын ийгиликтерине жол ачып келген чыгармачыл жана өз ишине берилген педагог катары таанылган.
Бардык жеңүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бүгүнкү жетишкендиктер өлкөдө жүргүзүлүп жаткан билим берүүнү жаңылоо иштеринин натыйжасын көрсөтөт. Инновациялык жана кластердик мектептерде заманбап билим берүү чөйрөсү түзүлүп, мугалимдер үчүн үзгүлтүксүз окутуулар уюштурулуп, мектептердин инфраструктурасы жаңыланып, лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыздалууда.
Мындай шарттар окуучулардын талантын өнүктүрүүгө, изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн калыптандырууга жана жаңы ийгиликтерге жетишине кеңири мүмкүнчүлүк түзүүдө.