"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Инновациялык мектеп — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн мейкиндиги: Д.М. Карбышев атындагы мектепте заманбап билим берүү чөйрөсү түзүлүүдө

Көрүлдү: 0

Билим берүү системасында жүрүп жаткан ири трансформациянын алкагында өлкө боюнча ар бир райондон бирден, жалпысынан 53 мектеп инновациялык мектеп катары тандалып алынган. Бул мектептер жаңы билим берүү стандарттарын пилоттук негизде ишке ашыруучу, заманбап технологияларды билим берүү процессине киргизүүчү жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоочу эксперименталдык аянтчалар болуп саналат.

post.title

Ошондой эле алардын айланасында 220 жалпы билим берүүчү мектептен турган кластерлер түзүлүп, өлкөнүн бардык аймактарын камтыган бирдиктүү билим берүү экосистемасын калыптандырууга шарт түзүлдү.

Инновациялык мектептердин катарына Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Д.М. Карбышев атындагы №1 жалпы билим берүү мектеби да кирет. Учурда окуу жайда капиталдык оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүп жатат.

Мектеп директору Инабад Парпиеванын айтымында, бүгүнкү күндө бир катар жаңылоо иштери аткарылууда:

🔹 эски терезелер алмаштырылууда;

🔹 дубалдар тазаланып, шыбак иштерине даярдалды;

🔹 STEM кабинеттеринде сырдоо иштерине даярдык көрүлдү;

🔹 мектептин фасады жаңыланууда;

🔹 жыйындар залы оңдолууда;

🔹 санитардык түйүндөр заманбап талаптарга ылайык жаңыланууда.

Ошондой эле STEM, информатика жана эмгек кабинеттери толук ремонттон өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, ондоп-түзөө иштер аяктаган соң, окуу жайы Агартуу министрлиги тарабынан эмеректер, лабораториялык, маалыматтык-коммуникациялык жабдыктар менен толук камсыз болуп, заманбап кванториум түзүлөт.

Жүргүзүлүп жаткан иштер окуучулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган. Мектеп жаңыланган инфраструктурасы менен инновациялык билим берүүнүн үлгүлүү борборлорунун бири болууга даярданууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар