"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
12 жылдык билим берүү шартында профилдик окутуу: механизмдери, мазмуну жана келечеги

Көрүлдү: 0

2025–2026-окуу жылынан тартып Кыргыз Республикасынын мектептеринде 12 жылдык билим берүү системасын ишке ашыруу башталды. Бул трансформациянын негизги багыттарынын бири — жогорку класстарда профилдик окутууну киргизүү болуп саналат.

post.title

Профилдик окутууну ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдында жумушчу топ түзүлүп, профилдик окутуу жөнүндө Жобонун долбоору даярдалган. Аталган документте профилдик билим берүүнүн моделдери, аны уюштуруу жана ишке ашыруу механизмдери, мектептерде профилдик окутууну башкаруу жана коштоо маселелери аныкталган. Ошондой эле профилдик окутууну ишке ашыруу планынын долбоору иштелип чыккан.

Долбоор боюнча кызыкдар тараптардын жана коомчулуктун пикирлерин талкуулоо, ошондой эле профилдик окутууну уюштурууга байланышкан маселелерди кароо максатында Агартуу министрлиги 2026-жылдын 26-майында эксперттик коомчулуктун, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн жана өнөктөштөрдүн катышуусунда тегерек стол өткөрөт.

Аталган иш-чара 12 жылдык билим берүү системасын сапаттуу ишке ашыруу, профилдик окутуунун мазмунун жана уюштуруу механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар