Көрүлдү: 0
2025–2026-окуу жылынан тартып 12 жылдык билим берүү системасы этап-этабы менен ишке ашырылып баштады. Бул трансформациянын алкагында мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыланып, жаңы мамлекеттик стандарттардын негизинде даярдалган жаңы муундагы окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер билим берүү процессине киргизилди.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн мектептеринде 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн окутуу жаңыланган билим берүү стандарттары, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер менен жүргүзүлүп жатат. Жаңыртылган билим берүү стандарттарын, жаңы муундагы окуу китептерин колдонуудагы тажрыйбаларды, жаралып жаткан практикалык маселелерди жана аларды чечүүнүн жолдорун аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Билим берүү тармагындагы трансформацияны ийгиликтүү ишке ашыруу талдоо, мониторинг жана изилдөөлөр менен тыгыз байланыштуу. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын талкуулоо билим берүү процессиндеги жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү аныктоого, практикалык сунуштарды иштеп чыгууга жана реформанын кийинки кадамдарын тактоого мүмкүнчүлүк берет.
Ушул максатта 2026-жылдын 26-майында Агартуу министрлиги тарабынан эксперттик коомчулуктун, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн, педагогдордун жана өнөктөштөрдүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлөт. Иш-чаранын жүрүшүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, билим берүү уюмдарындагы тажрыйбалар жана 12 жылдык билим берүүнү мындан ары өркүндөтүүгө байланышкан маселелер талкууланат.