"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
STEM мугалимдери үчүн тажрыйба алмашуу жолугушуусу өткөрүлдү

Көрүлдү: 0

Кочкор районундагы К. Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү инновациялык мектебинде STEM предметтеринин мугалимдери үчүн тажрыйба алмашуу жолугушуусу өткөрүлдү.

post.title

Жолугушууга Кочкор районундагы кластердик мектептердин STEM мугалимдери катышты. Иш-чараны мектеп директору А. Бостонкулова ачып, долбоордун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Физика мугалимдери К. Ниязалиев жана Турар кызы Нестан, химия жана биология мугалими Кайдылдаева Рида, география мугалими Карымбаева Нурия сабактарда лабораториялык жабдууларды колдонуу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулардын катышуусунда физика, география жана биология сабактарында лабораториялык каражаттарды колдонуу боюнча практикалык демонстрациялар көрсөтүлдү.

Мындай иш-чаралар мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна, STEM билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана заманбап лабораториялык жабдууларды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар