Көрүлдү: 0
Ушул жылдын 27-апрелинде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылындагы инновациялык мектептин жана анын кластердик мектептеринин мугалимдери үчүн гендер жана инклюзия боюнча эксперт Гулбарчын Жумагулова семинар өттү.
Семинардын максаты — коопсуз, тең укуктуу жана инклюзивдүү мектеп чөйрөсүн түзүү үчүн гендердик тең укуктуулукту жана социалдык инклюзияны мектептерге интеграциялоо боюнча мугалимдерге кенен маалымат берүү жана алардын ролун аныктоо.
Семинар төмөнкү модулдардын негизинде өткөрүлдү:
1-модуль. Гендер жана гендердик мамилелердин негиздери
Бул бөлүмдө гендер жана жыныстык айырмачылыктын негизги түшүнүктөрү, биологиялык жана социалдык жыныстын айырмасы, ошондой эле бул түшүнүктөрдү окутуу процессинде эске алуунун маанилүүлүгү каралды.
2-модуль. Гендердик стереотиптер жана алардын кесепеттери
Модулда гендердик стереотиптердин аныктамасы, мисалдары, алардын жеке адамга жана коомго тийгизген терс таасири, ошондой эле кыргыз коомундагы аялдардын ролу жана стереотиптерди жокко чыгарган тарыхый-маданий мисалдар талкууланды.
3-модуль. Гендердик зомбулук: түшүнүгү, себептери, түрлөрү жана кесепеттери
Бул бөлүмдө кыздарга, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун түрлөрү, себептери, кесепеттери жана мыйзам чегиндеги чаралар тууралуу маалымат берилди.
4-модуль. Инклюзивдүү жана гендердик жактан сезимтал тил
Мугалимдер үчүн окутууда гендердик сезимталдуулукту сактоо, инклюзивдүү тилди колдонуу, ошондой эле окуу-усулдук материалдарда жана визуалдык ресурстарда гендердик тең салмактуулукту камсыз кылуу боюнча критерийлер сунушталды.
5-модуль. Социалдык инклюзивдүү мектеп
Бул модулда социалдык инклюзивдүү мектеп түшүнүгү, мектеп жетекчилигинин колдоочу билим берүү чөйрөсүн түзүүдөгү ролу жана окуу пландарын ар түрдүү муктаждыктарга ылайык адаптациялоо маселелери каралды.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар өз ара пикир алмашып, иш-чаранын соңунда суроо-жооп бөлүгү уюштурулду.
Ошондой эле чогулгандарга “Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүну реформалоо” долбоордун өкүлү Айжаркын Жунусакунова долбоордун максаты, инновациялык жана кластердик мектептер менен жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, долбоорго өлкө боюнча 53 инновациялык мектеп кирген. Алардын 220 кластердик мектептери бар. Ар бир инновациялык мектептин кластердик мектептери бар жана инновациялык мектептер аларга методикалык жана башкаруучулук колдоо көрсөтөт. Бул - мыкты практикаларды бүткүл өлкө боюнча жайылтууга өбөлгө түзөт.