"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Таш-Көмүрдө илимий-практикалык семинар өттү

Көрүлдү: 0

Таш-Көмүр шаарындагы №2 Токтосун Шадыканов атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулар үчүн практикалык лабораториялык сабактарды камтыган илимий-практикалык семинар жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

post.title

Аталган мектеп шаардагы М.Темирбаева атындагы №11 инновациялык мектептин кластердик мектеби болуп саналат. Буга чейин Таш-Көмүр шаарындагы 4 кластердик мектеп STEM-класстар (физика, химия, география, биология) үчүн заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар жана практикага багытталган, санариптик окутууну камсыздаган маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен камсыздалган.

Жалпысынан өлкө боюнча 220 кластердик мектеп билим берүү тутумун масштабдуу трансформациялоого, анын ичинде мектептерде STEM-предметтерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган «Алтын казык» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Аталган лабораториялык жабдуулар илимий-практикалык семинарда окуучулар тарабынан колдонулуп, иш-чара кызыктүү өттү.

Лабораториялык жабдуулар ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, окуу процессинде ар кыл багыттагы тапшырмаларды аткарууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Жалпысынан 4 кластердик мектепке лабораториялык жабдуулар, 4 интерактивдүү панель жана 4 ноутбук берилген.

Аталган комплекттер изилдөөчү лабораториялык иштерди жүргүзүүгө, механика, электр жана магнетизм мыйзамдарын, оптикалык кубулуштарды, толкун процесстерин, суюктуктардын касиеттерин, химиялык реакцияларды жана биологиялык объекттерди изилдөөгө арналган. Жабдуулар так өлчөөлөрдү жүргүзүүгө, эксперименттик маалыматтарды каттоого жана талдоого, ошондой эле окуучулардын илимий-изилдөө көндүмдөрүн жана заманбап өлчөө технологиялары менен иштөө жөндөмдөрүн калыптандырууга шарт түзөт.

Интерактивдүү панелдер жана кубаттуу окуу ноутбуктары лабораториялык иштерди башкарууга, эксперименттердин жыйынтыктарын онлайн режимде көрсөтүүгө, санариптик моделдерди жана симуляцияларды колдонууга, ошондой эле окуучулардын долбоордук жана изилдөө иштерин иштеп чыгууга, сактоого жана сунуштоого мүмкүнчүлүк берет.

Бул жабдууларды пайдалануу окуучулардын предметтик билимин, практикалык көндүмдөрүн, санариптик сабаттуулугун жана изилдөөчүлүк ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле табигый-илимий багыттагы сабактарды окутуунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жабдуулар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында берилди. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар