Көрүлдү: 0
Эсенгул Карасартов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби тарабынан кластердик мектептер менен тармактык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында Бакый Мүсүралиева атындагы жалпы билим берүү мектебинде офлайн форматтагы тренинг уюштурулду.
Тренингге райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү, методикалык кабинеттин башчысы, ошондой эле кластердик мектептердин директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары жана табигый-илимий багыттагы (физика, химия, география, биология) предметтик мугалимдер катышышты.
Тренингдин алкагында төмөнкү багыттар каралды:
— Тармактык өз ара аракеттенүү жана билим берүү системасындагы кызматташтык боюнча жалпы маалымат берилди.
— Мугалимдердин кесиптик компетенцияларын баалоо критерийлери, сабакка байкоо жүргүзүү формалары, мугалим портфолиосу жана өз ишмердигин өз алдынча баалоо инструменттери боюнча түшүндүрмөлөр берилип, практикалык презентациялар жүргүзүлдү.
— Окуу процессинде кери байланыш түзүү ыкмалары жана гендердик теңчилик маселелери боюнча маалымат берилди.
— Тажрыйба алмашуу бөлүгүндө табигый-илимий сабактар боюнча практикалык иштер көрсөтүлдү:
• биология сабагында микроскопиялык изилдөө ыкмалары;
• химия сабагында чөйрөнүн кычкылдуулугун (pH) аныктоо;
• физика сабагында электр тогу жана чынжырдагы өлчөө иштерин жүргүзүү;
• география сабагында табигый кырсыктарды, анын ичинде жер титирөөнү изилдөө ыкмалары.
Ошондой эле тренингдин жыйынтыгында кластердик кызматташтыкты өнүктүрүү максатында координациялык кеңеш түзүү, анын максаттары жана милдеттерин аныктоо маселелери каралды.