Көрүлдү: 0
Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы инновациялык мектепте «Инновациялык мектеп менен кластердик мектептин өз ара кызматташуусу» темасында семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага шаардагы 5 кластердик мектептин директорлору жана окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга инновациялык мектептин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилип, билим берүү процессинде инновациянын ролу жана мааниси түшүндүрүлдү. Ошондой эле топтолгон тажрыйба менен бөлүшүү жүргүзүлүп, кластердик өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында мектептер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.
Белгилей кетсек, аталган мектеп долбоорго кирген 53 мектептердин бири болуп саналат.