"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
Инновациялык мектеп кластердик мектеп үчүн семинар өткөрдү

Көрүлдү: 0

"Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорунун инновациялык мектеби болгон №1 Муса Адышев атындагы инновациялык мектептин жетекчилиги тарабынан №2 Тапык Отунчиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин педагогикалык жамаатына практикалык семинар өткөрүлдү.

post.title

Тапык Отунчиев атындагы жалпы билим берүү мектеби инновациялык мектептин кластердик мектеби болуп саналат. 

Иш-чаранын жүрүшүндө “Мектептик билим берүүнү реформалоо жана заманбап мугалимдин компетенттүүлүк модели” темасы кеңири талкууланды. Семинар мугалимдер үчүн тажрыйба алмашууга, окутуунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө жана кесиптик чеберчиликти жогорулатууга багытталган натыйжалуу аянтча болуп берди.

Катышуучулар окутуу процессине инновациялык ыкмаларды киргизүү, окуучуга багытталган окутууну өркүндөтүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Жыйынтыгында алынган билимдерди окуу-тарбия иштеринде колдонуу боюнча биргелешкен аракеттер жана жаңы пландар белгиленди.

Мындай саамалыктар тармактык өз-ара аракеттенүүнү илгерилетип, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар