Көрүлдү: 0
2022-жылдын 2-ноябрында Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмү Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, учурдагы жетишкендиктерди, көйгөйлөрдү, сунуштарды талкуулап кайтты. Институттун директору Кулов Кубанычбек агайдын терең илими, ирригация багытындагы профессионалдуулугу аталган институттун ийгилигинин уланып жатышын далилдейт.
Мамлекет тарабынан татыктуу каржы бөлүнбөгөнүнө карабай институтта алгылыктуу илимий изилдөөлөр, инновациялык аракеттер болуп жаткан экен. Кайталап айта турган өлкөбүздүн приоритеттүү милдети - бул илимге бөлүнгөн каражатты кескин көтөрүү жана ошого улай илимпоздорубузга жогору айлык чегерип берүү. Бул жасалбаса илимдеги аракеттер ордунан жыла албайт, патриот илимпоздордун дараметинин жетишинче бир деңгээлден аша албай тура бермекчи.
Мониторингдин алкагында топтолгон ойлор, көйгөйлөр, сунуштар: