Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илимий изилдөө институттарын инвентаризациялоо: Ирригация институту

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 2-ноябрында Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмү Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, учурдагы жетишкендиктерди, көйгөйлөрдү, сунуштарды талкуулап кайтты. Институттун директору Кулов Кубанычбек агайдын терең илими, ирригация багытындагы профессионалдуулугу аталган институттун ийгилигинин уланып жатышын далилдейт.

post.title

Мамлекет тарабынан татыктуу каржы бөлүнбөгөнүнө карабай институтта алгылыктуу илимий изилдөөлөр, инновациялык аракеттер болуп жаткан экен. Кайталап айта турган өлкөбүздүн приоритеттүү милдети - бул илимге бөлүнгөн каражатты кескин көтөрүү жана ошого улай илимпоздорубузга жогору айлык чегерип берүү. Бул жасалбаса илимдеги аракеттер ордунан жыла албайт, патриот илимпоздордун дараметинин жетишинче бир деңгээлден аша албай тура бермекчи.

 

Мониторингдин алкагында топтолгон ойлор, көйгөйлөр, сунуштар:

  • Илимий кадрлар менен камсыздоо маселеси чоң көйгөй бойдон калууда. Айлык акы абдан төмөн болгондуктан жаш окумуштуулар келбейт же келсе көпкө турбайт.
  • Дүйнөлүк деңгээлдеги басылмаларга макала жарыялаган окумуштуулар бар. Бирок алардын илимий потенциалын канчалык деңгээлде колдонуп жатабыз? Аспиранттарды коштоп берип, мурас кала турган илимий эмгектерин улантып кетүү негизги милдеттерден болушу керек.
  • Президенттин атына айлык акыны көтөрүү боюнча кат даярдоо маселеси талкууланды.
  • Айл чарба жаатындагы илимий программаларды системага салуу боюнча ойлор айтылды. Директордун омоктуу инициативалары бар экендиги Министрликти кубантты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар