Илим жана инновациялар башкармалыгы
Илим жана инновациялар башкармалыгы
Айгүл Абдраева Кыргызстандагы жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттердин улуттук командасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Көрүлдү: 869

2021-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Кыргызстандагы жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттердин улуттук командасынын өкүлдөрү Гүлзада Дүйшөбаева жана Мирлан Чыныбаевдер менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушууда министрдин орун басары PhD докторантуры киргизүү процесси жүрүп жатканын жана бүгүнкү күндө белгиленген талаптарга жооп берген жогорку окуу жайлары лицензия алгандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын университеттеринде философиянын доктору PhD ишке ашыруу механизмдери, негизги көйгөйлөр жана өнүгүү багыттары талкууланды. Ошондой эле жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамынын илимий потенциалын өнүктүрүү боюнча уюштурулушу ыктымал болгон биргелешкен семинарлар жана тренингдер тууралуу сөз болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар